Пример HTML-страницы

Эки тараптын жетекчилери ок атылган Достук айылына келишти (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushПрезиденттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражаббой Ахмадзода Баткен районунун Булак-Башы жергесинен Баткен районунун Достук айылына барышты. Бул тууралуу облус жетекчилигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, учурда эки тараптын жетекчилери, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен биргеликте ок атышуу катталган Достук айылында чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Окуя тууралуу:

Кыргызстандын Чек ара кызматы бүгүн, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында ок атылып жатканын кабарлаган.

Маалыматка караганда, Баткен районунун Булак-Башы аймагында нөөмөттө турган кыргыз чек арачылары буга чейинки макулдашууну бузуп, чек аранын такталбаган аймагында жүргөн тажик чек арачыларын көрүшкөн. Кыргыз чек арачылары алардан такталбаган аймактан кетүүнү талап кылган, бирок тажик тарап ок атып баштаган. Кыргыз чек арачылары да аларга ок чыгарган. Андан соң тажик тарап миномет колдонгон.

Булак-Башы аймагында атылган октон Кыргызстан тараптан 2 аскер кызматкери жаракат алганы белгилүү болду.

Кайрадан ок атышуу:

Кыргызстандын Чек ара кызматы саат 14:00дө тажик аскерлери Баткен районундагы «Достук» чек ара заставасына ок чыгарганын маалымдады. Кыргыз чек арачылары да жооп катары ок аткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE