Пример HTML-страницы

Ээсинен качкан аргымак, төрт бир тууган бир учурда атылган Арпа жайлоосу

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа жана Ат-Башы райондоруна караштуу Арпа жайлоосунун аталышы тууралуу аймактык кабарчы азыноолак маалымат топтоду.

Арпа жайлоосу — ички Теңир-Тоонун түштүк батышындагы бийик тоо өрөөнү. Түштүк батышынан Фергана, түштүгүнөн Торугарт кырка тоолору, чыгышынан Ат-Башы кырка тоосунун батыш тумшугу, түндүк чыгышынан Орток-Тоо жана түндүгүнөн Жаман-Тоо менен чектешет. Узундугу 60 чакырым, эң жазы жери 32 чакырым. Бул өрөөн түндүк-батышты карай 3 бурчтук сымал созулуп, чыгыштан батышты көздөй эңкейиштеп жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 2600-3600 метр бийиктикте орун алган. Арпа суусу өрөөндү 2 бөлүккө бөлүп турат. Климаты катаал. Арпа өрөөнүнө шалбаалуу жана бадалдуу талаа. Күңгөй тарабы жарым чөл же тактап айтканда кургак талаа.

Арпа өрөөнү Кыргызстандагы ири жайыттардын бири. Мында негизинен Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын райондорунун малы жайылат. Өрөөндүн чыгыш бөлүгү аркылуу Бишкек—Торугарт автомобиль жолу өтөт.

Ак-Талаа районунун тургуну Кылымбек Чодонов: «Менин укканым боюнча, илгери Санчы сынчы өтүп бара жатып Ак-Талаага келгенде: «Карысы карап турбаган, жигити жилик албаган, катаал жер экен» деп, андан ары жолун улап, азыркы Арпа жайлоосуна жеткенде, минип келе жаткан аты баспай калат. Атын эс алдырып алайын деп, атын бош агытып, өзү да эс алат экен. Бир убакта, атын кармайын десе карматпай качып жөнөйт. Ошондо, Санчы сынчы: «Бул жердин чөбү арпадай күчтүү экен» деп, качкан атынын артынан ээрчип жүрүп отурат. Аты азыркы Ат-Башыга жетип, бир журтта күл төккөн дөбөгө токтоп калат. Барып кармайын десе, күл дөбөдө ача болуп сынган малдын далы сөөгү турган болот. Аттын чылбыры ошол далы сөөккө илинип, ат ошондон ула токтоп калган болот. Мындан улам «далыны ача кылып коюш керек» деген сөз калса керек. Жини келген Санчы сынчы атты ошол жерден союп, аттын башын орноп турган мамынын башына сайып: «Ат башы менен эр башы, кайда калбайт бир башы» деп жазып кеткен экен. Ошондон тартып Ат-Башы аталып калса, ал эми чөбү арпадай күчтүү өрөөн Арпа аталып калган экен», — деди.

Ак-Талаа районунун тургуну Гүлсүн Жыртакова: «Атам айтып калар эле. Илгери бир киши Кытай тараптан ашуу ашып, жол басып, чарчап келе жатып, бир жерге эс алууну чечет. Алдындагы минген аты да баспай, шайы кетип калгандыктан, талаага келип, тыным алууну эп көрөт. Алдында минип жүргөн аргымагын агытып, өзү 2-3 күн эс алат экен. 2-3 күндөн кийин кетүүгө камданып, баягы атын кармаса, арыктап шайы кеткен аты аз убакыттын ичинде кулпуруп, өңүнө келе түшкөн экен. Ошондо: «Арпа жеген малдай болуп, сонун оңолгон тура, мелтилдеген талаа арпа эгип койгондой» деп айткан экен», — деди.

Ак-Талаа районунун тургуну Куштар Арпачиева: «Мен бала кезде атамдар Арпа жайлоосунда жайлашчу. Атам жылкычы эле. Эсимде, жайлоого жаңы көчүп барганда «балдарды карагыла, торпокту байлагыла, адашып кетпесин» деп калышар эле. Чөбү биздин боюбуздан эки эсе жогору болуп, өз алдынча баса алчу эмеспиз. Чөбү арпадай болуп бийик өскөндүктөн, Арпа деп аталса керек. Кийин мал көбөйгөндө андай чөптү көргөн жокмун», — деди.

Сүрөттөр Баетов айылынын тургуну Фархат Өскөнбаевге таандык

Ал эми айрым санжыларда Арпа өрөөнү түштүк-батышынан Фергана тоо тизмеги, түштүгүнөн Торугарт кырка тоосу, чыгышынан Ат-Башы кырка тоосу, түндүгүнөн Жаман-Тоо курчап тургандыгы, ошондой эле Кожогулдун сайы, андан төмөн жагы Калматайдын жары, кадимки кыргыздын баатыр кызы Жаңыл Мырзанын жайлап турган жери, андан ары Масеилдин бели, андан аркы сай Бургандын сайы деп айтылат. Калматай Жаңыл Мырзанын күйөөсү, Кожогул, Масеил, Бурган Жаңыл Мырзанын кайнилеринен болгон экен. Ошол доордо Жаңыл Мырза сарыбагыш уруусунун мыкты чыкма баатырлары Үчүке, Түлкүнү басынтып, намысына тийгендиги үчүн экөөнү катары жаа менен атып өлтүрүп качканда, чагалдак уруусунан Аккочкор аттуу жигит Жаңыл Мырзаны кубалап жөнөйт. Жаңыл Мырза Аккочкорду дагы атып салууну ойлойт. Бирок, анын жапжаш, келишкен баатыр жигит экендигине суктанып, Аккочкорго колго түшүп берет. Бирок, ошол кездеги кыргыз бийлери Жаңыл Мырзаны күнөөлүү деп таап, 60 жаштан ашып калган Калматайга алып берип койгондугу тууралуу да аңыз кеп айтылып келет. Ошондон улам, Жаңыл Мырзанын ичинде кеги калат. Качан Арпанын Семиз сазында, төрт уруу эл катышкан чоң тойдо, кайнилери болбой Жаңыл Мырзаны кыйнап, «эскини эскертпегиле» дегенине болбой, өз урууларынын намысы үчүн жамбы аттырышат. Жамбыны атып түшүрүп, жоо кийимчен Жаңыл Мырза качат. Артынан кубалаган кайниси Кожогулду сайдан өтө берген жерден жаа менен атып өлтүрөт. Ошол сай Кожогулдун сайы аталыптыр. Балтыр бешик эркек баласын өңөрүп, артынан жете барган күйөөсү Калматайды артынан атып түшүрүп, баласынын ыйлап ээрчигенине карабай ары качат. Бул жер Калматайдын жары, андан ары кубалап барган Масеилди, Бурганды катары менен атып өлтүрүп, ал жерлер Масеилдин бели, Бургандын сайы аталыптыр. Жаңыл Мырза Ак-Бейит, Таш-Рабатты басып, Ак-Сайды ашып, Чатыр-Көл аркылуу Ак-Чийдеги нойгут элине кирип кеткен деген уламыш айтылып, тарыхта «Жаңыл Мырза нойгут элинен чыккан баатыр кыз» деп айтылып калган экен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE