Пример HTML-страницы

Декреттик өргүүгө чыккан А.Теңдикова жуунуучу жайлардын аксессуарларын жасап, элеттик кыз-келиндерге үйрөтүүдө

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жеңеке» рубрикабыздын кезектеги каарманы — Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын тургуну Асел Теңдикова. Эки баланын энеси, кесиби боюнча архитектор. Бирок, учурда үйдө өз сүйгөн иши менен алек. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен Бишкек архитектура жана курулуш башкаруу колледжин аяктагам. Бала кезимен үйлөрдү тартканды жакшы көрчүмүн. Заманбап үйлөрдүн долбоорун чийүү мага эргүү тартуулайт. Окуумду аяктаган соң, Ысык-Көл регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгында иштеп калдым.

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин искусство факультетин бүткөм. Учурда декреттик өргүүдө болгондуктан, жумуш жок деп отурбастан, күзгүдөн жана смоладан идиштерди, гипстен жуунуучу жайга керектүү буюм-тайымдарды жасап жатам», — дейт ал.

Асел жеке жашоосундагы ийгилиги жана жолдошу Азамат тууралуу айтып өттү.

«Азамат учурда энергетика тармагында иштейт. Үй-бүлөгө камкор жана балдарыма мээримдүү ата. Жолдошум экөөбүз телефон аркылуу таанышканбыз. Менин телефон номурумду туугандары бериптир. Ошентип телефон аркылуу сүйлөшүп жүрдүк. Бири-бирибизди толуктаган адамдар экенибизди билгенден соң баш коштук. Кыз узатууга келген коноктордун баары мени апама (кайын энеме) окшоштуруп жатышты. Азыр да апам экөөбүз ээрчишип, базарга, конокко барсак, «кызысыңбы?» деп сурай беришет. Чынында апам экөөбүздүн окшоштугубуз бар. Негизгиси апам жана жолдошум колдоп турат. Балдарымды карап, хоббим менен алек болгон учурда жардам беришет», — деди ал.

Асел үйдө отуруп, кирешеге чыгуу боюнча айылдык келиндерге кеп-кеңештерди берип келет.

«Күйөө деле акча берет. Бирок дайыма сурай берүү ыңгайсыз. Керектөөлөр үчүн акча табуу керек. Менин экинчи кесибим дизайнер болгондуктан, интернеттен ар кандай буюмдарды жасоону үйрөндүм. Учурда жасаган иштерим менен айына кеминде 15 миң сом табам. Мага окшошкон келиндер үйрөтчү деп калат. Аларга кеңешимди берип, кантип жасоо керектигин үйрөтөм. Келечекте дүкөн ачайын деген тилегим бар», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE