Пример HTML-страницы

Дарыгер Б.Мамбеталиеванын кичинекей бейтабы кийин ага күйөө бала болгон

Акыркы жанылыктар

TurmushБактыгүл Мамбеталиева учурда Аламүдүн районунун Арашан айылындагы дарыгерлердин жалпы практикалоо борборунда терапевт-дарыгер болуп иштеп келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Каарманыбыз 1963-жылы Ак-Талаа районунда жарык дүйнөгө келген. Мектепти Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунан бүтүп, 1979-жылы Фрунзе шаарынын Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун педиатрия факультетине тапшырдым. Аны 1985-жылы бүтүп, эмгек жолун Фрунзе шаардык №3 балдар поликлиникасында участкалык дарыгер болуу менен баштаган.

Үй-бүлөлүү, 2 кыз жана 1 уулум бар.

«Баары үйлөнүп-жайланган. 5 неберем чоңоюп жатат. Өмүрлүк жолдошум 42 жашында жүрөк оорусунан каза болгон. Ал ветеринар болуп иштечү эле», — деди ал.

Каарманыбыз 1998-жылдан 2003-жылга чейин үй-бүлөлүк шартка байланыштуу Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Куртка айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда иштеген. 1999-жылы америкалыктар менен келишим түзүп, гранд утуп алган. Анын негизинде Куртка айылына 285 чарчы метр болгон 5 койкалык оорукана курулган.

«Айылда жогорку билимдүү дарыгер болбогондуктан, элге бардык жактан жардам көрсөтүүгө милдеттүү болуп иштедим. Кээде үстүртөн жасалчу операцияларды жасаганга туура келип калат экен. Анткени райондук же облустук ооруканага жеткирүү алыс. Убакыт көп кетип кала турган учурларда биринчи жардамды берип келдим.

Бир жолу бир кичинекей баланы алып келишти. Бети-башы канжалаган. Эмне болгон деп таӊ калдым. Көрсө тай тээп жиберсе, туягы чекесине тийиптир. Ошол жерден эле жардам берип, чекесин тигип койдум. Кийин кызым турмушка чыкты. Бир күнү күйөө балам: «Апа сиздин эсиңиздеби, менин чекеме сиз операция кылгансыз» деди. Көрсө ошол ат тепкен бала кийин мага күйөө бала болуптур», — деди ал.

Бактыгүл айым 2010-жылдан баштап Бишкек шаардык №1 ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнүн терапевт-дарыгери болуп иштеген.

«Ошондо бир күлкүлүү окуя эсиме түшөт. Бир күнү бир «жигит ичим ооруп жатат» деп келди. Мен хирург чакыртып, экөөлөп көрдүк. Анан сокур ичеги деп диагноз коюп, хирургия бөлүмүнө жибердик. Аңгыча эле кош бойлуу келин келип, ошол жигитти сурады. Аны хирургия бөлүмүнө кетирдик дедим. Бир маалда тиги келин дагы «ичим эле, ичим» деп кыйкыра баштады. Толгоосу аябай чукул келип калыптыр. Көрсө, ал аял күйөөсүнүн ичи ооруп жатканын угуп, №4 төрөт үйүнөн качып чыгып, такси менен биздин ооруканага келген экен. Айла жок акушердик бригада чакырып, ал аялды ошол жерден төрөтүп алууга туура келди.

Бош убактымда үйдө неберелер менен алектенем. Хоббим — гүл өстүрүү. Огородго түрлүү-түрлүү гүлдөрдү өстүргөм. Анан саякат кылганды жакшы көрөм, жылда чет мамлекеттерге барып эс алууга аракет кылам. Жашоодо ар кандай күндөр өттү. Бар да болду, жокчулук да болду дегендей. Бирок мен өзүмдү башка жумушта иштегенди элестете албайм. Убагында айлыктын аздыгынан көп дарыгерлер медицинаны таштап, соода кылып кетишти.

2018-жылдан бери Аламүдүн районунун Арашан айылындагы дарыгерлердин жалпы практикалоо борборунда терапевт-дарыгер болуп иштеп келем», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE