Пример HTML-страницы

Чоң-Сай айылынын тургундары түзүлгөн келишимдерге ыраазы

Акыркы жанылыктар

TurmushАла-Бука районуна караштуу Көк-Таш айыл аймагынын тургундары кыргыз-өзбек чек арасын тактоодо эл үмүт кылгандай жыйынтык чыгып жатканын угуп жатышканын айтып, жетекчилерге ыраазычылык билдиришти. Кезинде чек ара чырынан адам өлүп же ок тийип кыйналганда эч бир саясатчы кабар албаганын белгилешти, деп билдирди аймактык кабарчы.

Көк-Таш айыл аймагынын Булак-Башы, Чоң-Сай айылдарынан чогулган эл 2021-жылы министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК башчысы К.Ташиевге дал ушул ыраазычылык айткан жерде маселе коюшканын, эл каалаган жайыт Кыргызстан тарапка өтүп жатканына кубанып турушканын билдиришти.

15 жыл Чоң-Сай айылына айыл башчы болгон Мурат Абдиевдин айтымында, айыл аймак жашоочуларынын тиричилиги негизинен чал чарбачылыкка байланган. Бирок жер иштетүүгө жарытылуу жер да жок.

«Көк-Таш аймагындагы эл бир топ жылдан бери чек ара чырынын азабын тартып келдик. Такталбаган чек ара тилке катары каралып, коңшу өлкөнүн чек арачылары биздин канчалаган мал-жандыктарыбызды айдап кетип калышты. Күндө, күн алыс уруш-талаш орун алды. Биздин балдарды коңшу тараптын жоокерлери кармап алып, кыйнаган учур болгон. Керек болсо огородунда талаа ишин жасап жаткан бир туугандардын бирине ок чыгарып, бирин талаадан сүйрөп кеткен учур болду. Эл чогулуп, районго чейин маселе коюп, чек арачылар менен сүйлөшүп отуруп, 15 күндөн кийин сүйрөп кеткен жаран кайтарылган. Айыл эли канчалаган азапты көрдү. Адам өлүп, айрымдарга октун учкуну тийип, талашып-тартышып кыйналганда бир да саясатчы, азыркы бийликти сындап жаткандардын бири да басып келген эмес. Эми ушундай учурдан пайдалангысы келгендер, биздин элди саясатка аралаштырышпасын. Биздин тиричилигибиз мал-жандык менен гана өтөт. 40 жылдан бери көксөп келген биздин жайыт жер биз тарапка чечилип жатыптыр. Биз ушул үчүн кубанып, бийликке ыраачызылык айтып жатабыз. Сырттан дароо “муну бийлик уюштурду” деп чыгышат экен. Бийлик элди угуп жатса, биз койгон маселе эске алынып жатса, ыраазычылык айтканга да акыбыз жокпу? Саясат менен биздин ишибиз жок. Элдин мүдөөсү аткарылып жатканын айтып койгон жакшы кадам-дейт айыл башчы.

Ошол эле Чоң-Сай айылынын жашоочусу Сабыр Сайдахмат уулу кезинде чек ара чырынан октун учкуну колуна тийип, ооруканага жатып калган учурду баштан кечирген. Анын чек арага байланышкан чыр-чатакка далай аралашып калган жайы бар.

«Бизде чек ара көйгөйү өтө оор болчу. Мал-жандыгыбызды талаага кайтарганы чыксаң эле, «такталбаган жер тилкеге өтүп кетти” деп, мал-жандыкты айдап кеткенге аракет кылышчу. Короодон малдарды чыгаруу деле кыйын болуп калган. Чек ара чырынан коңшу өлкөнүн чек арачылары, жоокерлери менен далай жолу урушуп, чырдаша кеткен учур болду. Менин бут тарабыма коңшу тараптан ок атылган күндөр болду. Шүгүр, бутума тийген эмес. Бир жолку чырда октун учкуну колума тийип, ооруканада дарылангам. Азыр ошондой чыр-чатактын токтогонуна, тынчтык жолу менен чечилип жатканына кубанып жатабыз. 30 жылдан бери элдин жүрөк оорусу болуп келген маселенин чечилип жатканына сүйүнүп турабыз. Биз каалаган жайыт жер биз тарапка өтүп жаткан экен. Бийлик да элдин эртеңки күнүн ойлоп жатышат деп ойлойм», — дейт айыл тургуну.

Көк-Таш аймагында чек ара чырынан 1 адам каза таап, 2 адам майып болуп калышкан.

Ала-Бука районундагы Ак-Там, Ак-Коргон, Балтагулов, 1-Май, Көк-Серек, Көк-Таш айыл аймактары кыргыз-өзбек чек арасы менен чектешет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE