Пример HTML-страницы

Чоң-Алайдагы тургундун жоругуна күбө болгон балдары ыйлап жиберген

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Чоң-Алай районундагы тургун жубайын ур-токмокко алганы үчүн 3 суткага камалды.

  • Жоопкерчиликке тартылган Тилек (аты өзгөртүлдү, Т.Н.М.) орто билимдүү, үй-бүлөлүү, 3 баласы бар, эч жерде иштебейт.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, жабырлануучу Тахмина (аты өзгөртүлдү, Т.к.Т.) Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Ал өзү жашап жаткан үйдө жолдошу менен пикир келишпестиктин айынан урушуп кетип, жолдошу оозуна жана башына бир нече жолу уруп, денесине жаракат келтиргенин билдирип, мыйзам чегинде жоопко тартып берүүнү суранган.

Бул арыз Чоң-Алай РИИБдин маалыматтык электрондук журналына каттоого алынып, тергөөгө чейинки иштер башталган. Жыйынтыгында кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартылып, Укук бузуулар кодексинин 70-беренесинин (үй-бүлөлүк зомбулук) негизинде протокол толтурулган.

Сот отурумда Тилек күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Анын айтымында, үй-бүлөлүк иштерден улам бир аз пикир келишпестиктин айынан жубайын колу менен бир урган. Ал мындай жорук экинчи кайталанбай тургандыгын билдирип, жеңил жаза берүүнү суранды.

Ал эми жабырлануучу Тахминанын айтымында, үйү суук болгондуктан жолдошуна «Көмүр албайсызбы, үшүдүк» деп айткан. Ал «Үшүсөң үйдөн чыгып кет!» деп айтканда, «Чыкпайм, чыксам сот аркылуу чыгам!» деп жооп берген. Телефон карап отурса күйөөсү оозуна жана башына бир нече жолу уруп, муну балдары көрүп, ыйлап жиберишкен. Ал күйөөсүнө «Балдардын көзүнчө урбаңыз!» дегенде башка бөлмөгө алып чыгып, көтөрүп чаап, дагы бир нече жолу уруп, телефонуна тартып, сыртка чыгып кеткен.

Тахмина күйөөсүнө мыйзам чегинде жаза берүүнү сурады.

Сот отурумунда райондун прокурору Тилекти 3 суткага камакка алууга байланышкан жаза чарасын колдонууну сурады.

Жыйынтыгында Чоң-Алай райондук сотунун 2023-жылдын 20-январындагы токтому менен Тилек күнөөлүү деп табылып, 3 суткага камакка алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE