Пример HTML-страницы

Чүйдөгү кыргоолдор дыйкандар менен достошууда. Анын себеби эмнеде?

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунда кыргоолдор (фазаны) жергиликтүү дыйкандар менен «достошуп» калышты.

«Жакын жерде айыл чарба иштери жүрүп жатканына карабай кыргоолдор күндүз талаада жүрүп, курсактарын тойгозушат. Трактордо отурсаң, бир нече метр алыстыкта укмуштуудай кыргоол-короз үй канаттуулары сыяктуу айланып жүрөт. Өз кезегинде канаттуулардын тынчын албаганга аракет кылабыз», — деп жергиликтүү тургундар өз байкоолору менен бөлүштү.

Кыргоолдордун мындай мүнөздөгү жат жүрүм-турумуна эмне себеп болду?

«Кыргоолдор кандайдыр бир деңгээлде адамдын жанында алар жырткычтардан кол салуусунан коргонуудабыз деп түшүнө башташты. Көпчүлүк канаттуулар тамактануу же суу ичүү учурунда жырткычтардын кол салуусуна туш болушат. Ал эми анын жанында иштеген адамдын жабдууларынын ызы-чуусу чөөлөрдү, түлкүнү, жолбун итти коркутуп жиберет», — деп түшүндүрдү эколог Александр Сосновский.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE