Пример HTML-страницы

Чүйдө жигиттин жанында жүргөн кыздын өмүрү кыйылды (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Красная Речка айылында унаа кырсыгы катталып, адам өмүрү кыйылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Күбөлөрдүн айтымында, унаадагы эки жаран теӊ Ысык-Ата районунун Юрьевка айылынын тургундары болгон.

«Кечээ күнү туман болчу. Ушундан улам жол көрүнбөй калып, каналга кулап кетишти окшойт. Бала суудан сүзүп чыкса, жаш кыз унаадан чыга албай калыптыр», — дешти алар.

Кырсык болгон жерден 1990-жылы туулган М. уулу К. аттуу эркек киши суудан сүзүп чыккан. Куткаруучулар барып, унааны суудан чыгарышкан. Унаанын ичинен 2001-жылы туулган И. кызы Ф. аттуу кыздын жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE