Пример HTML-страницы

Чүйдө милициянын көчмө кабылдамасы айылдарды кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 10-апрель күнү Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жана өздүк курамы район аймагындагы жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрүштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери калкка өлкөдөгү маанилүү окуялар боюнча маалыматтарды жеткиришип, алардын көйгөйлөрүн угуп, арыз-даттануулары болсо жеринен кабыл алып, ыкчам чечүүгө аракет кылышууда.

Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Асылбек Назаралиев, Чүй РИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Ырысбек Сардарбеков, милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана балдар менен иштөө инспекторлору Чүй жана Арал айылдарынын жашоочулары менен жолугушту.

Анда көчмө кабылдама менен барган милиция кызматкерлери өлкө аймагында ички иштер органдары тарабынан өткөрүлүп жаткан масштабдуу «Мал уурулук» рейдинин алкагында жергиликтүү тургундарга мал жандыктарга сак болуу жана коопсуздукту камсыздоого кеңеш беришти. Түнкүсүн малды талаага кароосуз таштабоо, сарайлардын терезелерин торлоо, эшиктерине кулпу салуу боюнча сунуштарын айтышты.

Мындан сырткары Чүй жана Арал айылдарынын жашоочуларына президент Садыр Жапаров кол койгон 2022-жылдын 24-февралындагы «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү» жарлыгын жеткирүү максатында маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатын, эскерүү кечелерин, үйлөнүү-үлпөт тойлорун жана башка салтанаттарды өткөрүүдө ысырапкерчиликти болтурбоо керектиги эскертилип, бул багытта түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE