Пример HTML-страницы

Чүйдө бийиктиги 1,5 метрге жакын чөптөр өсүп, тоодо учакты элестеткен ташы бар айыл (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushПанфилов районундагы тоо этегинде жайгашкан Тельман айылынын аймагында бийиктиги 1,5 метрге жакын чөп өсүп, кеч күздө жайыттагы малдар короого семиз келерине жергиликтүүлөр кубанса, айрымдары тоо боорунда жайгашкан учак, козу карын сымал таштарга таң калышууда. Бул тууралуу айылдын тургуну Кайрат Эсенбеков билдирди.

Маалым болгондой, Тельман айылында 1500 жакын адам жашайт.

«Мен көп жылдан бери мал чарбачылыгы менен алектенем. Өзгөчө эт багытындагы букаларды, аттарды багам. Ошондуктан майда жандыктарга караганда букалар, аттар кыш түшкөнчө жайытта болот. Дегеним жылдын көпчүлүк мезгилин тоо боорунда өткөрөм. Быйыл жайытта мал аралай алгыс, бийиктиги 1,5 метрден ашык чөп өстү. Буйруса кеч күздө малдар семиз түшөт. Эми жаратылыш өзүнчө эле керемет. Жазында айыл четинен кумара да таап алганбыз.

Тоо боорунун айрым жеринде учак, козу карынды элестеткен таштар да бар. Айрымдар ошол жерге келип, сүрөткө түшүп, жаратылыштын кайталангыс сүрөтчү экендигине таң калышууда. Бул таштардын да өзүнчө тарыхы бар. Өткөн кылымдарда бул жайда калмактар жашашып, кол өнөрчүлүгүн өркүндөткөнү да маалым», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE