Пример HTML-страницы

Былтыр дайындалган Чолпон-Ата шаарынын мэри Ж.Ормоновдун ишмердүүлүгүнө эл кандай баа берди?

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 14-март күнү Чолпон-Ата шаарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн эл менен жолугушуусу болуп өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Жыйындын жүрүшүндө Чолпон-Ата шаарынын мэри Жапарбек Ормонов калаа тургундарына аткарылып жаткан иштер жана жакынкы аралыкта жасалчу жумуштар боюнча маалымат берди.

Андан соң жолугушууга келгендер Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадыловго жана Чолпон-Ата шаарынын мэри Жапарбек Ормоновго шаардагы ар кыл көйгөйлөр, жер-суу жана башка маселелер боюнча суроо узатышып, тиешелүү жоопторду алышты.

Жергиликтүүлөр жаңы мэрдин келиши менен шаарда социалдык-экономикалык абал, калаадагы инфраструктура жана башка бир катар иштер жанданып жатканын белгилешти.

«Чолпон-Ата шаарында көп жылдардан бери тоңуп жаткан муз эриди», — деди калаа тургуну Гүлжамал Исаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE