Пример HTML-страницы

Болочоктогу жолдошун ачык асмандан жолуктуруп, андан 5 балалуу болгон Т.Бошумова

Акыркы жанылыктар

TurmushАвиациянын 78 жаштагы ардагери Телохор Бошумова 17 жыл учакта иштеп, 20 миң саатын асманда өткөргөн. Анын менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маек курду.

Ал Чүй облусунун Москва районуна караштуу Төлөк айылында төрөлүп-өскөн. 7-классты аяктап, борборго калаага окууга аттанган. Чүй талааларында жылкы, төө багып жүргөн учурда асмандагы учактарды көрүп, учкуч болууну кыялдангандыгын айтып өттү.

«Айылдагы мектептен 7 жылдык билим алып, 1953-жылы Фрунзедеги каржы окуу жайга тапшырдым. Окууну аяктан соң, 1962-жылы Талас облусуна иштөөгө чектеди. Талас райондук комсомол комитетинде бөлүм башчы болуп эмгек жолумду баштадым. 1975-жылы азыркы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин да ийгиликтүү аяктадым.

Күндөрдүн биринде Кыргыз авиациясында сынак жүрүп жаткандыгын угуп, ал жакка бардым. Кыргыз тилинде так сүйлөгөнүмдү баалаган жетекчилик авиацияга дикторлук кесипке алышты. Ал жакта 1 жыл эмгектенген соң, бийиктиктерди багынтып, учууга жол ачылды. Ошентип Кыргызстандагы алгачкы стюардессалардын катарын толуктап иштей баштадым. Бул тармакта эмгектенүү менен кыялым да орундалып, өмүрлүк жолдошумду жолуктурдум. Жолдошум Марат Бектенов 1-класстагы учкуч-инженер, ТУ-154 каттамынын механиги болгон. Экөөбүз бири-бирибизди түшүнүү менен бул кесипти чогуу аркаладык. Жалпы 5 балалуу болдук. Бул учурда да, ишимди таштаган жокмун. Үй-бүлө менен биргеликте жумушту да чогуу алып кеттим. Учак ичиндеги жүргүнчүлөрдү кыргыз тилинде саламым менен тосуп алып, конууга чейин кесиптик милдетимди аткарчумун. Бир катар өлкөлөргө аба мейкиндигинде учтум жаратканга шүгүр», — деди ал.

Каарманыбыз жумуш учурунда эсте калган окуяларынан айтып берди.

«Жумуш учурунда кызыктуу окуялар көп эле болот. Эсимде, аскерден келе жаткан жоокерлердин учакка билет алууга каражаттары жок калыптыр. Анан «командир ала кетиңизчи» деп өтүнүп калышты. Бирөөнө да, жок дечү эмес элек. Алар жаш жоокер болуп, учакка деген акчаларын кыздарга же башка бир нерсеге коротуп коюшса керек. Ошентип аларды жетчү жерине бекер алып барганбыз.

Казак, кыргыз, орус тилдеринде сүйлөп, кыялымдагы кесип аркылуу 20 миң саат учтум. Жолдошум да өз жумушунун алдыңкы учкучу болуп, эмгегинин акыбетин көрдү. Стюардесса болуп иштөөмду өзү да колдоп, ынтымактуу жашадык. 5 балага татыктуу тарбия берип, уул-кыздарыбызга өздөрү каалаган кесипке окуусуна шарт түздүк. Балдарыбыз менен дүйнө кыдырып учак менен көптөгөн өлкөлөргө бардык. Тилеке каршы 2003-жылы жолдошум бул дүйнө менен кош айтышты. Азыр өзүм Авиациянын музейин жетектеп келем.

Алгачкы ирет 1966-жылы мамлекеттик ишмер Т.Усубалиев менен партиялык съездге Ил-18 учагы менен учкан элек. Эл аралык талаптарга ылайык, учактарыбыз да жаңырса деген ойдомун. Караколдогу бир кездеги Преживальский аэробекети учурунда жакшы иштечү эле. Эми кайра өлкөдө аба каттамдардын жандандырууга мамлекет башчысынын көңүл болушу биз үчүн чоң сыймык. Жаштарды ушул кесипти аркалоого чакырат элем», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE