Пример HTML-страницы

Бишкекте 35 жыл банкта иштеген Б.Токтоналиева Түп айылына келип, мал багууга өткөнүн айтат

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каарманы — 55 жаштагы Бурулсун Токтоналиева. Ал 6 жыл мурун Бишкектеги банктык кызматын таштап, үй-бүлөсү менен Түп районуна көчүп келгенин аймактык кабарчыга берген маегинде билдирди.

Бурулсун Токтоналиева 1967-жылы Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айылында жарык дүйнөгө келген. Өмүрлүк жолдошу менен Бишкек шаарында табышып, үй-бүлө курганын айтат.

«Мен Миң-Куш айылында төрөлүп, мектепте 8-класска чейин билим алгам. Андан кийин борбор калаадагы техникумда окуп, кийинчерээк банктык система боюнча кошумча окуу жайды бүтүргөм. А дегенде эле иш тажрыйбамды 1993-жылы банкта кассирликтен баштадым. Кийинчерээк мамлекеттик жана коммерциялык банктарда иштеп жүрүп, 35 жыл эмгек тажрыйбамды арнаптырмын. Бишкекте жүргөндө өмүрлүк жолдошум менен баш кошуп, 3 кыз жана 1 уулду тарбиялап-өстүрдүк. Анан ардактуу эс алуу мезгилине жакын айылга жашаганды эңсеп, 2017-жылы Түпкө көчүп келдик», — деди ал.

Айылдын жашоосунан чочубаган Бурулсун жеңе учурда жайлоодо бээ саап, сүт азыктардын түрүн даярдоодо.

«Айылга келип жашоого негизинен жаратылыш чоң түрткү болду. Айылдын абасы менен суусу таза дегендей, жан дүйнөмө өзгөчө жагып, орун алдык. Шаарга салыштырмалуу элетте кыймыл көп, спорт менен машыгып, ден соолукту чыңдагандай болосуң. Дегеним, адам баласы канча кыймылдаган сайын ошончолук бекем болот эмеспи», — деди ал.

Б.Токтоналиева үй-бүлөсү менен учурда Каркыра тараптагы Бөкөн-Булак жайлоосунда мал багууда.

«Ар жылы жайкысын өзүбүздүн жылкыларды айдап, анан элден кошумча мал алып, жайлоого чыгып кетебиз. Бул жакка атайын меймандар үчүн боз үй тигип коёбуз. Келген коноктор сүт азыктарынан даярдалган тамактардан даам сызып кетишет. Азыркы тапта чарбабызда 30га чукул бээ, саан уйларыбыз бар. Кыргызда «акты сатпайт» дегендей, малдын сүтүн сатпай, келген меймандарга акысыз эле кымыз куюп берип, көңүл алабыз. Болгону акты кечкисин берүүдөн баш тартабыз.

Ал эми уйдун сүтүнөн айран, быштак, каймак, сыр, курут жасап дасторконду экологиялык жактан таза продукция менен камсыз кылып турабыз. Өзүм деле тоолуу аймакта чоңойгом. Андыктан уй саап, ат минип, жайлоодо жашоо мага өөн учурабайт. Аны менен катар кыймылды жана эмгекти сүйгөн жанмын», — деди ал.

Ал эми жолдошу Зайыр Куликеев жайлоого чыгуу менен ата жолун улап жатканын билдирет. Анын айтымында, өз кезегинде жылкы таптап, мелдештерге катышкан.

«Мен Түп айылында төрөлүп-өскөм. Ата-бабам жылкы кармап келген. Жаш кезекте ат таптап, мелдештерге чыгат элек. Ал ортодо үй-бүлөм менен калаада жүрдүк. Кийинчерээк кайтып келип, мурдагы конушубузга жай мезгилин өткөрөбүз. Азыр эми жылкы таптоодон алысмын, себеби көп эмгекти талап кылат.

Болгону Россиядан ахилес асыл тукум бээ, англо араб жылкысынын тукумун көбөйтүп жатам. Ошондой эле жорго аттарым да бар», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE