Пример HTML-страницы

Билим күнү Манас районунда 49 млн сомго курулган мектеп ачылды. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусунун Манас районундагы мектептин 150 орундуу эки кабаттуу имаратынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Үч-Коргон айылындагы Газы Малаев атындагы орто мектептин имаратынын курулушу 2016-жылы башталган. Айылдагы окуучулар 1928-жылы курулуп, эскилиги жеткен авариялык мектепте билим алып келишкен.

Мектептин курулуш иштерин «Бек» жоопкерчилиги чектелген коому жүргүздү. Сыйымдуулугу 150 орундуу, типтүү, баштапкы суммасы 49 млн сомду түзөт. Мектепке ысык тамак берүү киргизилип, тамак даярдоочу жабдыктар (газ менен иштеген меш, 1 духовка, тамак даярдоочу 4 стол, стелаждар, муздаткыч) берилди.

Салтанаттуу иш-чарага президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, каржы министринин орун басары Эрнст Калдыбаев, Манас районунун акими Досманет Жээнбеков, акимдин орун басары Азия Батырбекова, Талас билим берүү усулдук борборунун директору Салтанат Бейшенова, Манас райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Замир Маркашов, Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн жааматы жана айыл тургундары катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE