Пример HTML-страницы

Беловодсктагы борбордук сейил багы жарыктандырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushРайондун борборунун инфратүзүмүн жакшыртуу жана эс алуучулар үчүн жагымдуу шарт түзүү максатында Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылындагы борбордук эс алуу сейил багы жарыктандырылды. Бул тууралуу айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, Беловодск айылы райондун борбору болуп саналат.

«Учурда борбордук эс алуу паркын оңдоо-түзөө иштери жүрүп жатат. Ал жайдагы жөө жүргүнчүлөр басуучу жолдор, ага коюлган аркалар, балдар ойноочу жайлар, эс алуучу отургучтар жана башкалар сырдалып, иретке келтирилүүдө. Ошону менен бирге ал жерлерге атайын жарыктандыруу коюлуп, алар жандырылды. Эми түн ичинде да коопсуздукка шарт түзүлдү», — деди айыл өкмөтүнөн.

Эс алуу паркын толук оңдоп-түзөөгө жергиликтүү бюджеттен 3 млн сомдон ашык каражат каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE