Пример HTML-страницы

Баткендеги кафеде подполковник Аскарали Мухамадиевдин өмүрү кыйылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен ОИИБдин башчысынын орун басары Аскарали Мухамадиевди өлтүрүүгө шектелген адам кармалды.

Алдын ала маалыматка караганда, ага кол салуу кечээ, 26-мартта кафеде болгон. Аскарали Мухамадиев менен кылмыш шектүү С.Нурбектин (1988-жылы туулган) ортосунда кайым айтышуу болгон. С.Нурбек Баткен шаарынын тургуну. Ал чыр учурунда Аскарали Мухамадиевди бычак менен сайып жиберген.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын коомдук коопсуздук боюнча орун басары, милициянын подполковниги Аскарали Мухамадиев 47 жашында дүйнө салганын кабарлаган.

Маалыматка караганда, Аскарали Мухамадиев 1974-жылы 20-апрель күнү Баткен районунун Достук айылында төрөлгөн. Ал милициянын каарына 26 жашында 2000-жылы кабыл алынып, үзүрлүү эмгектенип келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE