Пример HTML-страницы

Баткендеги Исфайрам дарыясын билген немистер (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусундагы Исфайрам дарыясы Иса пайгамбардын апасынын көз жашынан улам пайда болгондугу жөнүндө уламыш эл арасында азыр да айтылып келет. Аймактык кабарчы дарыянын аталышы жөнүндө таржымалды сураштырды.

Исфайрам дарыясынын боюндагы Майдан айылынын тургуну Шарабидин Бегалиевдин айтымында, Исфайрамдын суусу Кадамжайдын Майдан, Чаувай, Үч-Коргон айыл аймактарын аралап агат.

«Биздин Исфайрам дарыясы Иса-Мариям деп жүрүп, кийин тыбыштык жактан өзгөрүп, Исфайрам болуп калганы айтылат. Иса пайгамбардын апасы Мариям эне боюна бүткөндө үйүнөн куулуп, жер кезип качкан. Биздин Кичи-Алайга келип ыйлап жатып, Иса пайгамбарды төрөгөн. Анын көз жашынан Иса-Мариям дарыясы пайда болгон дешет.

Биздин айылдан Улуу Ата Мекендик согушка бир аксакалыбыз барып, туткунга түшүп калыптыр. Ошондо немистер «кайдан келдиң?» дегенде «Иса-Мариям дарыясынын боюнан» деп жооп берет. Анда немистер «биз жеңилебиз» деп айтышыптыр. Анткени бул дарыя ыйык, анын боюнда адам жашабай калганда кыямат келет деп айтышат», — деди ал.

Исфайрам дарыясы 350 миң адамды суу менен камсыз кылат. Ал Кыргызстандан өтүп, Өзбекстанга агып барат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE