Пример HTML-страницы

Баткенде жылда 3 ай күн тийбей калган айылдын сыры (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун Кыштут айылында 3 ай боюу күн тийбейт. Аймактык кабарчы элеттин таржымалын сураштырды.

Кыштут айылынын башчысы Иса Назировдун айтымында, айылдын аталышы боюнча 3 себеп айтылып келет. Айылда кошулуп, чырмалышып жанаша өскөн тыт болгону айтылат. Аны эл кош тыт деп атап жүрүп, кийинчерээк Кыштут деп аталып калган дешет.

«Кыштутта илгери куштар байырлаган экен. Куш тутуп келебиз, куш тут, кушту тут болуп жүрүп Кыштут делинип калган экен. Анан дагы бир себеби кыш көпкө созулуп, кышта күн көрүнбөй калат. кышты тутат дешип, Кыштут деп аталган дешет.

Айылыбыздын төрт тарабы тең тоо менен курчалган. Эгерде бул айылга келбеген кишини түнү алып келип койсоң, кайсы жагынан келгенин билбей калат. Кайсы жагы чыгыш, кайсы жагы батыш, кайсы жагы түндүгү билинбейт. Тоо арасында болгондуктан эгемендүүлүк алган жылдардан бери эле жер тилке берилбейт. Анткени жер жок.

Ноябрь айынан февралдын ондоруна чейин күн тийбей калат. Жайында болсо 3 ай күн көрүнбөйт. Азыркы учурда бизге күн тийбейт. Тескей жактагылар 3 ай күн көрүшпөйт. А айылда биз борборунда жайгашкандыктан январдын этегинен тарта күн тиет», — деди ал.

Кыштут айылында 330 кожолук бар. Бул көрсөткүч жыл санап азайып жатат. Анткени жер тилке берүү 1992-жылдан бери токтогон. Жаштар шаарга агылып, миграцияга кетип келбей калгандар арбын. Айылда 1 мектеп, 1 ФАП бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE