Пример HTML-страницы

Баткенде 3 гектар аянтка себилген айгүл гүлүнүн уругу өсүп чыкты

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткенде 3 гектар аянтка себилген айгүл гүлүнүн уругу чыкты. Бул тууралуу Баткен токой чарбасынын жетекчиси Бактыяр Козубаев билдирди.

Анын айтымында, былтыр Баткен токой чарбасынын кызматкерлери «Айгүл-Тоо» коругунун 3 гектар аянтына айгүл гүлдүн уругун себишкен. Учурда гүлдөр жерден башын көтөрдү. Эксперимент катары жөнөкөй короолорго да гүлдүн уругун себишкен.

«Быйыл 3 жылга гүлгө кирүүгө тыюу салынды. Бул демилгени жергиликтүүлөр жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү көтөрүштү. Бул гүлдү сактап калуу жана көбөйтүүгө багытталган. Ошол себептен биз да өткөн жылы гүлдүн уругун чачтык. 3 гектар аянттагы жаңыдан себилген гүл тегиз чыкты. Ошол эле айылдагы жөнөкөй жер аянтка да уругун сепкенбиз. Ал да чыкты. Качан тамыры пиязы чоңойгондо тоого көчүрүлөт. Гүл 2 жылда чыкса 7 жылда гүлдөйт. Буйруса быйылкы жылы адам изи баспай турса гүл көбөйөт деп ишенебиз», — деди ал.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Баткен токой чарбасынан Баткендеги «Айгүл-Таш» өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы 3 жылга жабылганын кабарлашкан.

Маалыматка караганда, жыл сайын апрель айында ачылган айгүл гүлүнө келгендердин саны арбыйт. Бирок быйыл айгүл гүлүн сактап калуу жана көбөйтүү максатында 3 жылга корукту жабуу боюнча мораторий жарыяланды.

Сейрек кездешүүчү айгүл гүлүн сактап калуу жана көбөйтүү максатында «Айгүл-Таш» өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагына 2023-жылдын 1-апрелинен тарта 2026-жылдын 1-апрелине чейин кирүүгө тыюу салынат.

Сүрөттөр архивден алынды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE