Пример HTML-страницы

Баткен шаарындагы жол жээгинде дарбыз, коон саткандарга айып пул салынмай болду

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарындагы башаламан соода жүргүзгөн соодагерлерге мындан ары айып пул салынат, деп билдирди Баткен шаардык мэриясынан.

  • Буга чейин шаардагы М.Салихов көчөсүндөгү сатуучуларга эскертүүлөр берилип келген.

Баткен шаардык мэриясы жана шаардык тиешелүү кызматтар тарабынан М.Салихов көчөсүндө башаламан соода жүргүзүп, коон, дарбыз саткандарга рейд жүргүзүлдү.

Рейд учурунда жол тыгынын жана жарандардын коопсуздугуна коркунуч жаратып, белгиленбеген жерге жүк ташуучу автоунааларын коюп, мыйзам бузуу менен соода жүргүзгөндөргө айып пул салынары эскертилди.

«Баткен шаарынын М.Салихов көчөсүнүн боюнда автоунааларда коон, дарбыз сатып жаткан сатуучулар үчүн ошол эле көчөдө жайгашкан «Биримдик» базарынан атайын жер бөлүнүп берилген. Бирок ага карабай, жол боюна чыккан соодагерлер да болууда. Рейддин максаты — жол тыгындарын алдын алуу жана башаламан соода жүргүзүүнү токтотуу», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE