Пример HTML-страницы

Балта кармаган жигиттер менен аксакалдын өз үйүндөгү кармашуусу

Акыркы жанылыктар

TurmushЖогорку сот 1-августта Кызыл-Кыя шаарында каракчылык кылмышка шектелген адамдарга карата өкүм чыгарды. Turmush басылмасы окуянын чоо-жайын баяндайт.

Айыпталуучулардын бири Гапарали (аты өзгөртүлдү, Г.С.) 1997-жылы Араван районунун Төө-Моюн айылында туулган. Ал Кызыл-Кыя шаардык сотунун 2021-жылдын 10-сентябрындагы өкүмү менен КР Жазык кодексинин (2017-жылдагы редакция) 43-беренесинин 1-бөлүмү (кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү), 202-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-3-пункттары (каракчылык) менен айыптуу деп табылып, 90 миң сом айып пул салынып, 8 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Экинчи айыпталуучу Арген (аты өзгөртүлдү, А.И.) 1990-жылы Кызыл-Кыя шаарында туулган. Аялы менен ажырашкан, 1 баланын атасы. Мурда да соттолгон. Кызыл-Кыя шаардык сотунун 2021-жылдын 10-сентябрындагы өкүмү менен КР Жазык кодексинин (2017-жылдагы редакция) 42-беренесинин (кылмышты аткаруучулук), 202-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-3-пункттары (каракчылык) менен айыптуу деп табылып, 90 миң сом айып пул салынып, 7 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылган.

Кылмыштын чоо-жайы:

Гапаралит 2021-жылдын 12-февралында саат 20:30 чамасында таанышы Аргендин үйүнө барып, аны уктап жаткан жеринен ойготкон. Ага Кызыл-Кыя шаарынын 73 жаштагы тургуну О.М.нын үйүнө барып, акчасын тоноп кетүү идеясын айткан. Андан кийин экөө: «Соо учурда коркуп, ишти толугу менен жыйынтыгына чыгара албай калабыз. Ичип алалы» деп спиртке суу аралаштырып ичишкен.

Алар чала мас абалда саат 23:20 чамасында жабырлануучунун үйүнө барышкан. Арген эшикти такылдаткан. Үй ээси эшигин ачпай туруп «кимсиң, ким керек?» деп сураган. Бирок экөөнүн эмне деп сүйлөгөндөрүн укпай калып, кошуналарым жардам сурап келген болсо керек деген ой менен кол чыракты күйгүзүп, эшикти ачкан. Арген ошол маалда кол чыракты тартып алып, жабырлануучуну муунтуп, бөлмөсүнө сүйрөп кирген. Аны сабап, экөө «аксакалдын акчасы бар, ошону алабыз» деп сүйлөшкөн. Гапарали аны жерге жаткырып муунтуп, Арген болсо анын чөнтөктөрүн аңтарып, 3500 сом пенсиясын таап алган. Гапарали «эгерде кыйкырык сала турган болсоң, чаап таштайбыз» деп айтып, жабырлануучунун мойнун бошоткон. Үй ээси өлтүрүп салбасын деп үн чыгарбай жатып калган. Экөө «аксакалда мындан сырткары дагы көп акчасы бар» деп, бөлмөнү чачып, акча издешкен. Гапарали колуна балта алып, аксакалга жаракат келтирем деп жатканын күйүп турган кол чырактын жарыгынан жабырлануучу көрүп калып, балта менен чаап жибербеши үчүн аны сабынан кармап талашкан. Гапарали экөө балтаны талашып жаткан учурда Арген «бул жерден кетели» деп Гапаралинин колунан балтасын тартып алган. Экөө ошол бойдон сыртка качып кетишкен. Ал эми 3500 сом акчаны теңме-тең бөлүп, өз кызыкчылыктарына коротуп, жок кылышкан.

Облустук соттун өкүмү:

Баткен облустук соту 2022-жылдын 12-апрелиндеги өкүмү менен 2 шектүүгө карата чыгарган өкүм өзгөртүлгөн. Анын корутунду бөлүгүнөн 90 миң сом айып пул салынсын, Жазык кодексинин 81-беренесинин 4-бөлүмүнүн (камакта кармоо убактысын жана жазаларды бириктирүү эрежелери) негизинде дайындалган жазалар өз алдынча аткарылсын жана Арген жазасын өтөгөн жери боюнча алкоголизмден дарылоо чараларын колдонуу тууралуу бөлүгү алынсын деп айтылат.

Айыпталуучулар Гапарали менен Арген Жазык кодексинин 83-беренесинин (пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу) негизинде 4 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл жазасын алган.

Бирок бул өкүмгө Баткен облусунун прокурору кассациялык сунуш келтирген. Анда Баткен облустук сотунун айыпталуучуларга карата чыгарган 2022-жылдын 12-апрелиндеги өкүмүн өзгөртүп, 4 жылдык мөөнөткө пробация көзөмөл колдонуу аркылуу камакта жаза өтөөдөн бошотулсун деген бөлүгүн алууну сураган.

Жогорку соттун өкүмү:

Жогорку соттун коллегиясы иштин материалдарын карап чыгып, Гапарали менен Аргенге карата Баткен облустук сотунун 2022-жылдын 12-апрелиндеги өкүмүн өзгөрттү. Өкүмдүн корутунду бөлүгүнөн 4 жылдык пробация көзөмөл колдонуу менен аларды жаза өтөөдөн бошоткон жана Аргенди мажбурлоо жолу менен алкоголизмден дарылануу медициналык чарасын чыгарган бөлүктөрү алынды. Өкүмдүн калган бөлүктөрү өзгөртүүсүз калтырылды.

Токтом акыркы, даттанууга жатпайт.

* Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE