Пример HTML-страницы

Бакай-Атанын «параличке» дуушар болгон акимчилиги

Акыркы жанылыктар

TurmushБакай-Ата районунун акимчилигинин акчалар сакталган эсеп счету камакта турат. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, эсеп счеттун камакка алынышына мурдагы айыл өкмөт башчысы менен соттошуу себеп болгон.

«Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылдык кеңешинин 2020-жылдын 23-мартындагы токтому менен Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Исламбек Сарыевге ишенбестик көрсөтүлүп, аны кызмат ордунан бошотуу боюнча токтом кабыл алынып, акимчиликке келип түшкөн.

Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясы айылдык кеңештин токтомун жана Ак-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасынын кайрылуусун негиздеп, Исламбек Сарыевди кызмат ордунан бошотулган.

Исламбек Сарыев бул чечимге макул болбой сотко арыз менен кайрылган. Талас облустук сотунун 2020-жылдын 1-декабрындагы чечими менен Ак-Дөбө айылдык кеңешинин 2020-жылдын 23-мартындагы токтомун жана акимчиликтин 2020-жылдын 2-апрелиндеги буйругу жокко чыгарылган.

Исламбек Сарыев 2021-жылдын 15-июнунда Бакай-Ата райондук сотуна кайра арыз менен кайрылып, Талас облустук административдик сотунун чечиминин негизинде Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы кызматын аткара албай, аргасыз бош жүргөндүгү жана моралдык кемсинүүгө дуушар болгондугун билдирип, келтирилген зыяндын ордун толтурууну суранган. Бакай-Ата райондук сотунун 2021-жылдын 24-сентябрындагы чечимине ылыйык, доогер Исламбек Сарыевдин арызы канааттандырылып, жоопкер Ак-Дөбө айылдык кеңешинен (жергиликтүү бюджеттен) жана Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан (республикалык бюджеттен) биргеликте ортоктош аргасыз бош жүргөн күндөрү жана моралдык кемсинүүгө дуушар болгондугун компенсациялоо үчүн жалпы 701,5 миң сом өндүрүлсүн деп чечим кабыл алынган.

Бакай-Ата райондук сотунун 2021-жылдын 24-сентябрында доогер Сарыевдин арызы боюнча чечим кабыл алган соттук отурумуна акимчиликтн өкүлү катышкан эмес. Ошондой эле Исламбек Сарыевдин арызына карата сот кандай жыйынтыкка келип, кандай чечим чыгарганы боюнча өз учурунда мыйзамда каралган мөөнөттөрдө акимчиликке маалымат жеткен эмес. Себеби Бакай-Ата райондук сотунун чечими акимчиликке 2021-жылдын 26-ноябрында келип түшкөн. Тактап айтканда райондук соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирип калгандан кийин келген. Ал эми аткаруу барагы 2021-жылдын 3-декабрында келип түшкөн. Бакай-Ата районунун соттук аткаруучулар кызматынын 2021-жылдын 21-декабрындагы токтому менен акимчиликтин карызы толугу менен которулганга чейин корголбогон эсеп счету камакка алынган жана бүгүнкү күнгө чейин камакта турууда.

Соттун чечимин аткарууда Бакай-Ата районунун соттук аткаруучулар кызматы туура эмес тыянак чыгарып, акимчилик өндүрүлүүчү сумманы тең бөлүп төлөш керек деп, өз билемдик менен акимчиликтин эсеп счетун камакка алуу боюнча токтомун мыйзам талаптарын бузуу менен чыгарган.

Акимчиликке республикалык бюджеттен айлык маяналары жана башка керектүү гана беренелери каржыланып, республикалык бюджетте соттун чечимине ылайык, моралдык кемсинтүүгө дуушар болгондугу үчүн компенсация төлөмдөрүн төлөө боюнча атайын эсеп-счеттору же болбосо беренелери каралбагандыктан, республикалык бюджеттин эсебинен мындай төлөмдөрдү жүргүзүүгө мыйзам тарабынан жол берилбей жатат. Бул тууралуу Финансы министрлигине кайрылсак, алар дагы акимчиликке коргоочу беренелер гана каралганын, доогерге акча каражатын которууга мыйзам жол бербейт деп билдиришкен.

Бүгүнкү күндө президенттин администрациясынын жана министрлер кабинетинин талаптарына ылайык Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын иш кагаздары электрондук документ жүргүзүү системасы аркылуу санариптештирилип жүргүзүлөт. Бул система интернет аркылуу иштегендиктен райондук мамлекеттик администрациясынын эсеп счету камакта болгондуктан, акысы үчүн акча каражаты которулбай, толугу менен «параличке» дуушар болуп, жогорку органдардан келген иш кагаздары жана жарандардын арыз кайрылууларына жооп берүү мүмкүн болбой калды.

Ошондой эле акимчиликтин жооптуу кызматкерлери кызматтык иш сапарларга чыга албай, телефондук байланыштары, кызматтык автоунааларды күйүүчү майлар менен камсыздоо иштери да толугу менен токтоду.

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын талаптарына ылайык, Бакай-Ата районунун мамлекеттик администрациясы президентке жана министрлер кабинетине баш ийген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп эсептелет. Андыктан жогоруда белгиленген жагдайлар райондун социалдык-экономикалык жана күнүмдүк өндүрүштүк иштерине өз таасирин тийгизүүдө.

Ал эми Ак-Дөбө айыл өкмөтү Бакай-Ата райондук сотунун 2021-жылдын 24-сентябрындагы чечимине ылыйык, доогер И.Сарыевге моралдык кемсинүүгө дуушар болгондугун компенсациялоо үчүн жалпысы 701,5 миң сомдун жарымы 350 миң 750 сомду жергиликтүү бюджеттен которуп беришкен. Мындай көрүнүш Ак-Дөбө айыл өкмөтүндө буга чейин да болуп келген. 2009-жылга чейин мурунку айыл өкмөтү Н.Айдаралиевге жергиликтүү кеңеш тарабынан ишенбестик көрсөтүлүп, Н.Айдаралиев соттон утуп алып, бош жүргөн күндөрү үчүн айлык акысына жергиликтүү бюджеттен соттун чечими менен 180 миң сом төлөтүп алган. 2019-жылы Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн тургуну Т.Күрүчев менен айыл өкмөтү соттошуп, 1 млн 800 миң сом соттун чечими менен жергиликтүү бюджеттен төлөп беришкен. Жогорудагыдай көрүнүштөр соттор менен айыл өкмөт ортосунда жең ичинен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөндөй күмөн ойду туудурат.

Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясы Бакай-Ата райондук сотунун 2021-жылдын 24-сентябрындагы доогер Исламбек Сарыевдин арызы боюнча чыгарган чечиминин моралдык зыянды өндүрүү бөлүгү төмөнкү себептерден улам жокко чыгарууга жатат деп эсептейт.

Биринчиден: Жарандык кодекстин талабында моралдык зыян адамдын ар-намысын, абийрин жана ишкердик беделин түшүрүүчү маалыматтарды таркатуу менен зыян келтиргенде толтурулат деп көрсөтүлгөн. Доогер арызында жана соттук отурумда кандай жолдор же каражаттар аркылуу анын ар-намысын, абийрин жана ишкердик беделин түшүрүүчү маалыматтарды таркатуу жөнүндө далилдерди келтире алган эмес. Тактап айтканда И.Сарыев жоопкерлер тарабынан жалпыга белгилүү массалык маалымат каражаттары, гезит-журналдар, телевидение аркылуу уктуруу же болбосо жалпы элдин арасында атайлап чыгып сүйлөп, жаманатты кылып, анын беделине шек келтирген маалыматтарды таркатышты деп далил келтирген эмес.

Экинчиден: Бакай-Ата райондук сотунун 2021-жылдын 24-сентябрында доогер И.Сарыевдин арызы боюнча чечим кабыл алган соттук отурумуна акимчиликтин өкүлү катышкан эмес. Ошондой эле И.Сарыевдин арызына карата сот кандай жыйынтыкка келип, кандай чечим чыгарганы боюнча өз учурунда мыйзамда каралган мөөнөттөрдө акимчиликке маалымат жеткен эмес. Себеби Бакай-Ата райондук сотунун чечими акимчиликке 2021-жылдын 26-ноябрында келип түшкөн. Тактап айтканда райондук соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирип калгандан кийин келген.

Ошондой эле Бакай-Ата райондук сотунун чечиминде жоопкерлер Ак-Дөбө айылдык кеңешинен (жергиликтүү бюджеттен) жана Бакай-Ата райондук администрациясынан (республикалык бюджеттен) биргеликте доогер И.Сарыевдин пайдасына аргасыз бош жүргөн күндөрү үчүн айлык маянасы 162 миң 500 сом эмгек өргүүсү үчүн, 39 миң сом жана моралдык кемсинтүүгө дуушар болгондугу үчүн 500 жүз миң сом, жалпысы 701 миң 500 сом өндүрүлсүн деп чечим кабыл алынган. Бирок аталган чечимге ылайык биргеликте ортоктош төлөө маселеси Ак-Дөбө айылдык кеңеши менен Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын ортосунда түшүнбөстүктөрдү жаратууда. Себеби кайсы жоопкер канча төлөй тургандыгы так көрсөтүлгөн эмес.

Ал эми райондук сот бул чечими боюнча аткаруу барагын 2021-жылдын 25-октябрында берип, бүгүнкү күндө Бакай-Ата райондук соттук аткаруу кызматы тарабынан Бакай-Ата райондук администрациясынын эсепттик счеттору камакка алынып жабылган.

Мындан тышкары И.Сарыевге мыйзам талаптарына ылайык жумуш берүүчү Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясы эмес, Ак-Дөбө айылдык кеңеши болгондуктан аргасыз бош жүргөн күндөрү үчүн айлык маянасы жана эмгек өргүүсү үчүн компенсациясы Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен өндүрүлүш керек деп эсептейбиз.

Жогорудагы иштер боюнча Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясы 2022-жылдын 11-февралында Талас областык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясына арыз менен (аппеляциялык арызды берүүгө процестик мөөнөтү калыбына келтирүү жөнүндө) кайрылган. 2022-жылдын 5-майында Талас областык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясына арыз менен (Бакай-Ата районунун соттук аткаруучулара кызматынын 2022-жылдын 21-декабрындагы токтомуна карата) экинчи ирет кайрылган. Бирок жогорудагы сот органдары тарабынан арыз тиешелүү түрдө канаатандырылбагандыктан Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясы 2022-жылдын 28-июнунда Жогорку сотко кассациалык даттануу (Талас облустук сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2022-жылдын 31-майындагы аныктамасына карата) менен кайрылган», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE