Пример HTML-страницы

Бакай-Ата айылындагы ички жолдор дээрлик 6 млн сомго оңдолуп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Бакай-Ата айылындагы ички жолдорго асфальт төшөлүп жатат.

Айыл өкмөт башчысы Руслан Байдулатовдун айтымында, асфальт төшөө иштери үчүн 6 млн сомго тендер жарыяланган. Тендерден «КАБА строй сервис» жоопкерчилиги чектелген коому 5 млн 980 миң сомго утуп алган.

Жалпы узундугу 1 чакырым жол оңдолот. Учурда айыл өкмөттүн алдындагы жолго, Сталбек, Баштыкбай көчөлөрүнүн тилкелерине асфальт төшөлүп жатат.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «КАБА строй сервис» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси жана түзүүчүсү Назаралиев Алмазбек Бактыбекович. Компания 2021-жылы 11-апрелде каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: шоссе жана автомагистралдарды куруу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE