Пример HTML-страницы

Аялдардын гигиеналык төшөмөлөрүн кантип туура тандоо керек?

Акыркы жанылыктар

TurmushБул гигиена каражаттары жайлуулук тартуулайт жана айыз учурунда агып кетүүдөн коргойт. Учурда төшөмөлөргө талап өтө жогору жана ар бир эле аял алардан баш тартып, толук түрдө тампонго өтүп кетпей тургандыгын байкоого болот. Ошон үчүн да сапаттуу гигиеналык төшөмөлөрдү тандоо маселеси абдан актуалдуу. Биздин макала ушул темага арналган.

Сатып алууда эмнеден кабардар болуу керек?

Албетте, гигиенанын мындай интимдик буюмун тандоо — индивидуалдуу маселе. Ар ким ар кандай өндүрүүчүнү тандайт. Эгерде универсалдуу «ыкма» болгондо, балким, мынча көп түрдүү марка болмок эмес. Ошентсе да эске алчу жагдай, оптималдуу гигиеналык каражатты аныктоо бир нече марканы колдонуп көрүп, баалагандан кийин гана мүмкүн болсо керек.

А бирок төмөндөгү критерийлерди эске алуу менен тандоо убактысын бир топ кыскартууга болот:

Түнкү убакыт үчүн. Уктап жаткан учурда коргонуу үчүн Bella Perfecta Ultra Night колдонуу керек. Бул максималдуу узундуктагы (315 мм) төшөмө агып кетүүдөн ишенимдүү коргойт жана 2 мм гана болгон калыңдыгына карабастан, бат сиңирет. Ассортиментте 6.5-8 мм салттуу калыңдыкта болгондору да бар. Мындай төшөмөлөр кынала кийилген кийимдин сыртынан да байкалбайт. Ошондой эле күнүмдүк колдонулуучу гигиеналык каражаттары да бар.

Агындынын интенсивдүүлүгү. Циклдин өзгөчөлүгүнө жараша кандай деңгээлдеги сиңиримдүүлүк керек экендигин аныктоо зарыл. Таңгагында көрсөтүлгөн тамчылар аталган төшөмөнүн кандай сиңиримдүүлүккө арналганын билдирет.

Жайлуулук жана коопсуздук. Гигиена каражаттары сыйдам гипоаллергендүү жана хлорсуз агартылган материалдан жасалуусу керек. Мында эң маанилүү критерий – төшөмөнүн «дем алуусу», аба өткөрүүсү. Кошумча жайлуулук үчүн төшөмөлөр дененин анатомиялык формасын кайталоо менен суюктуктун керектүү жерде чогулуусуна шарт түзүүсү зарыл.

Коргоо. Төшөмөлөр сиңирүү жана агып кетүүнүн алдын алууга арналган. Ошондуктан, максималдуу коргоону камсыздоо өтө маанилүү. Bella Perfecta ultra төшөмөлөрүнүн кырларында жайгаштырылган көгүлтүр сызык — SEP агып кетүүдөн коргоочу кошумча системасы менен камсыздалган. Ошондой эле коргоочу касиеттери ич кийимге жабыштырылып коруучу канатчалары менен да жабдылган.

Төшөмөлөрдүн үстүнкү катмары. Бул токулбаган материал да, торчо да да болушу мүмкүн. Эң башкысы — үстүңкү катмары жумшак жана назик болуусу керек — бул интимдик бөлүктөгү сезимтал терилердин жайлуулугу үчүн өтө маанилүү.

Баасы. Эгерде жогоруда айтылган талаптардан улам тигил же бул маркадагы төшөмөлөргө токтолгон болсоңуз, каражат үнөмдөө жагы ар ар кимдин жеке маселеси болуп саналат. Көпчүлүк учурда баа буюмдун көп түрдүүлүгүнөн жана өндүрүүчүнүн изилдөө же активдүү жарнама компания саясатынан көз каранды.

Акырында белгилей кетчү жагдай, жеке жайлуулук жана ден соолугубузду текшерүүдөн өткөн гана брендге ишенүүбүз зарыл. Көп жылдык тарыхы бар маркалардын продукциясы кынтыксыз, коопсуз жана жалпы кабыл алынган нормалар жана стандарттарга жооп берет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE