Пример HTML-страницы

Ат-Башынын Кара-Булуң айылындагы мектептин жылуулук системасы алмаштырылды. Бирок дагы бир көйгөй бар

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Булуң айылындагы Абыл Искендеров атындагы орто мектебинин жылуулук ситемасы алмаштырылды.

Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Орозбек Солтобаевдин айтымында, бул мектептин жылуулук системасы мектеп курулгандан бери алмашыла элек болчу. Жылуулук системасын жаңыртууга 1 млн 879 миң 583 сом жумшалды.

Абыл Искендеров атындагы орто мектеби 2008-жылы курулган. Ата-энелердин айтымында, бул мектептеги учурдагы негизги көйгөй — тар болгону.

Айжан Досумбаеванын аталган мектепте 3 баласы окуйт.

«Мектепке балдар батпай жатат. 370 бала билим алып жатат, мектеп 180 орундуу деп курулган. Эки нөөмөт менен окушат. Кошумча корпус курулса жакшы болмок», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE