Пример HTML-страницы

Ат-башылык Б.Садыкова кызынын абалына жүрөгү ооруп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ат-Башы районунун 35 жаштагы тургуну Бермет Садыкова кызы Диана Садыкова күтүлбөгөн жерден боордун циррозу менен ооруп калгандыгын аймактык кабарчыга айтып берди.

Дарыгерлер ага чет өлкөдө мүмкүн болушунча эртерээк операция кылуу керектигин айтышкан. Кызынын чалдыккан илдетине жүрөгү ооруган эне дарылануусуна акча каражаты жок болгондуктан элдин жардамына муктаж болууда.

«Жалпы 5 балам бар. Улуусу меткепте 6-класста окуйт. Андан соң кызым Бермет. 5 жаштагы жана 3 жаштагы эгиз кыздарым бар. Өзүм райондогу Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинде кенже кызматкер болуп иштейм. Ушинтип ооруп калат деп эч ойлогон эмесмин. Негизи боору ооруганын башында билген жокмун. Ушул жылдын февраль айында “ичим ооруп жатат” деди. Анан сабакка жибербей койдум. Мектепке комиссия келип, өзүм баштыгын көтөрүп алып бардым. Анан мектептен ичи чыдатпай, кайра үйгө кетти.

Өзүм ата-энем менен чогуу турам. Алар мага «Кызыңды карасаңчы, буттарынын баары көгала» деп айтышты. Жанына барып, буттарын карасам чын эле көк ала болуп кетиптир. Балдардын бирөөсү кызымдын бутуна тээп жиберсе жыгылып түшүптүр. Андан соң экинчиси үстүнө секирип ийиптир. Алар деле бала да, ата-энелерине жана мугалимдерине айтып койдук. Ошол күндүн эртеси кызым «ичим ооруп жатат» деп келди. Антип айтпаганда оорусу билинбей жүрө бермек экен. Дарыгерлер УЗИден текшеришип, бөйрөгүндө шишик (киста) бар деп чыгарып беришти. Азат деген хирургга барсак, ал Бишкек шаарына жиберди. Ал жактан «боордун циррозу» деген диагноз коюп беришти. Ал эми бөйрөгү таза деп чыкты. Кызым азыр үйдө онлайн окуп жатат. Катуураак ойноп, секирип койсо мурду канап кетет. Бетине кызыл дактар чыгып, денеси кычышат. Дарыгерлер «илдет күчөп кете электе, эртерээк дарылап операция кылыш керек» дешти. Акыры операция жасатканы Индияга бармай болдук. Бирок шартым жок болгондуктан элдин жардамына муктаж болуп турам», — деди көзүнө жаш алган эне.

Бермет Садыкованын номуру: 0705 54 55 23 (ЭлСом, МБанк)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE