Пример HTML-страницы

Ат-Башы районунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башы районунун аймагына аба ырайына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Мындай чечим райондук штабда кабыл алынды.

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси Улукбек Акматовдун айтымында, 2023-жылдын 2-майында таңкы саат 04:30дан тартып тынымсыз кар жааган.

Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндөгү алыскы жана жакынкы жайыттарда кардын калыңдыгы болжол менен 15 сантиметрден 30 сантиметрге чейин жеткен.

Ак-Бейит, Беш-Сары, Чой-Жап, Кемесия, Ичке өрөөндөрүнө Кызыл-Туу, Кара-Булуң, Терек-Суу айылдарынын малчылары жалпы 867 баш ири мүйүздүү мал жана 1400 баш майда жандык айдап чыгышкан.

Жерине ыкчам топ барып, кырдаалды баалоо учурунда 2 баш уй, 3 баш музоо жана 15 баштай кой өлгөнү аныкталган.

Буга чейин Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылынын тургундары Ичке жайлоосунда мал калып калганын, айрымдары өлүп жатканын айтышкан.

«Жергиликтүү тургундар өздөрүнүн күчү менен малын сактап калууга аракет кылып, чарбаларынан чөп ташып жатышат. Бирок бул аракеттер аздык кылат», — деген айыл тургундары.

Малчылар акимчиликтин жетекчилигинен, ӨКМдин башкармалыгынан чара көрүп, чабандарга жардам берүүнү суранган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE