Пример HTML-страницы

Аскер кызматкерлери жубай тандоодо кайсы сапатына карашат?

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — Нурлан Кеӊешбеков менен Чынара Камчыбек кызы. Алар менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маек курду.

Түгөйлөр 2021-жылдын октябрь айында баш кошуп, өзгөчө кийим менен үлпөт тоюн өткөрүштү.

Нурлан Кеӊешбеков 1993-жылы Түп районунун Михайловка айылында төрөлгөн. 2001-жылы Т.Г.Шевченко атындагы №25 орто мектептин босогосун аттап, 8-класска чейин билим алган. Андан соӊ Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейине барып, 2011-жылы аяктаган. Кийинчерээк генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтунда билим алган.

«Мен бала кезимде атам аскер кызматкери болсун деп кыялданчу эле. Бул максатым өзүмдүн каалоом менен жүзөөгө ашып, жогорку окуу жайды 2015-жылы ийгиликтүү аяктадым. Андан соӊ 2016-жылга чейин Токмок шаарында жайгашкан «Скорпион» атайын багыттагы аскер бөлүгүндө мекен алдындагы атуулдук милдетимди өтөдүм. Ошону менен Башкы штабга караштуу мурдагы 29849 бөлүмчөдө 2018-жылга чейин взводдун командири болдум. Ал арадан бери 29713 аскер бөлүгүндө капитан болуп, кызматымды өтөп келе жатам.

Мен жубайымды тандоодо алгач өзүнүн таза жана тыкандыгын, жумушка жоопкерчилик менен так мамиле кылып, майын чыгара аткарарын жактырдым. Ар бир нерсеге жасаган мамилесин көрүп, келечекте үй-бүлө курганда да мыкты жар, мыкты эне болоруна ишендим. Ошондой эле келинчегимде апама таандык мүнөз жана сапаттар бар. Анан октябрь айында никелешип, өзгөчө аскердик кийим менен заманбап үлпөт тоюбузду өткөрдүк», — деди Н.Кеӊешбеков.

Н.Кеӊешбековдун өмүрлүк жары Камчыбек кызы Чынара 1997-жылы Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда төрөлгөн. Ал 2004-жылы Көк-Ой айылынын С.Турусбеков атындагы орто мектептин босогосун аттап, 5-класска чейин билим алган. Андан соң Нарын шаарындагы Т.Сатылганов атындагы орто мектепте 9-классты аяктаган. Ушул эле шаардан юридикалык колледжде 3 жыл окуп, Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академияны (КМЮА) ийгиликтүү бүтүргөн.

Ал 2019-жылы 29713 аскер бөлүгүнө жумушка орношуп, болочоктогу өмүрлүк жолдошуна кезиккенин билдирди.

«Бала кезимде аскердик кийимчен адамдарды көрүп суктанчумун. Бул кыялым менен өзүм самаган кесибимди тандап, максатыма жеттим. Юридикалык академияда окуп жүргөндө, ички иштер бөлүмчөсүндө практика өтөдүм. Милиция кызматкеринин жумушу өтө татаал экен. Анан аскердик бөлүктө эмгектенүү өзүмө жагып, жан дүйнөм ошол жакка тартты. Ошентип кадр бөлүмүнө жумушка орношуп, болочоктогу өмүрлүк жолдошума жолуктум. Нурлан менин бул жаатта иштеп кетүүмө ар тараптан колдоо көрсөттү. Айтор, ошол күндөрдөн тарта экөөбүздүн мамилебиз келишип, быйыл ата-энебиздин ак батасын алып, баш коштук.

Бир жерде иштеп, мурдатан кесиптеш болгондуктан жана Нурландын кызматы өйдө тургандыктан байке деп кайрылчумун. Азыр үй-бүлө курсак деле ортобузда сый мамиле орноп, дагы деле сиз деп чакырам. Албетте, аскер кызматкери болгондон кийин жумуш учурунда экөөбүздүн теӊ кыялыбыз, кыймылыбыз окшош келет эмеспи. Ѳмүрлүк жолдошум өзүнүн эркектик чечкиндүү мүнөзү, токтоолугу менен багындырып алды», — деди Чынара Камчыбек кызы.

Жубайлар келечекте аскердик кызматын улантып, Кыргызстандын аймактарын кыдырып иштөөгө даяр экенин кошумчалашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE