Пример HTML-страницы

Арпа-Тектирдеги мектептин 63,9 млн сомдук жаңы имаратынын курулушу кечеңдеп жатат. Себебин айтышты

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Алай районунун Коңур-Дөбө айыл аймагына караштуу Арпа-Тектир айылындагы мектептин жаңы имараты курулуп жатат.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарынын бири мектептин курулушу менен таанышып, иш кечеңдеп жатканын айтып, нааразычылыгын билдирген. Анын айтымында, мектеп 3-сорттогу курулуш материалдары менен курулуп, мамлекеттик мекемелердин шалаакылыгынан улам бүткөрүү убактысы да кечигип жатат.

Ал эми Арпа-Тектир орто мектебинин директору Венера Жороеванын айтымында, мектептин эски имараты авариялык абалга кептелип, 2023-жылдын апрель айында жаңы имараттын курулушу башталган.

«Бирок окуучулар учурда эски мектепте эле окуп жатышат. Кыштын камын көрүп, учурда жылытуу мештери орнотулууда. 2 кабаттуу мектептин курулушунун сметалык баасы 79 млн 515 миң 227 сом болуп, тендердик баасы 63 млн 983 миң 553 сомду түзгөн. Учурда 2-кабаттын курулушу жүрүп жатат. Мектептин курулушу быйыл 31-декабрга бүтүшү керек болчу. Депутат жана жашоочулар суук түшүп калса, курулуш бүтпөй калат деп кабатыр болушту окшойт», — деди Жороева.

Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Маратбек Акназаровдун маалыматы боюнча, курулушчулардын аздыгынан жана подрядчынын каражаты толук болбогондуктан курулуш кечеңдеп жатат.

«Азыркы система боюнча тендерден уткан компания же фирма алгач өзүнүн акчасына баарын жасайт, кийин гана мамлекет ага акчаны которуп берет. Тендерден уткан «Дамак Строй» компаниясы улам 2-3 млн сом салып, ошого ылайык иш аткарып келген. Ошондой эле эмгек күчү аз болгон. Учурда курулушчулар кошулду, иш кызуу жүрүп жатат. Мектептин курулушу жаңы жылга аяктайт деген план болууда», — дейт Акназаров.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Дамак Строй» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси — Беделов Бакыт Рустамович, түзүүчүлөрү — Расулбеков Мирбек Расулбекович, Беделов Бакыт Рустамович. Компания 2020-жылы 28-октябрда кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: турак жайларды жана имараттарды куруу.

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Залкар Каримовдун айтымында, буга чейин мектептин курулушунун кеч жүрүп жатканы боюнча жергиликтүүлөр кайрылган.

«Күндө мектептен курулушанан кабар алып турганбыз. Буюртмачы башка болгону үчүн кирише албайбыз. Учурда окуучулар эски корпуста 3 нөөмөт менен билим алып жатат. Имарат электр энергиясы менен жылыйт. Жалпы 346 окуучу билим алууда», — деди Каримов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE