Пример HTML-страницы

Аравандык дыйкандар «ак алтынды» чогултуп баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Араван районундагы дыйкандар пахтанын алгачкы теримин баштады. Бул тууралуу Turmush басылмасына Араван райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Абдирайым Бөкөев билдирди.

Анын айтымында, быйыл пахтанын түшүмдүүлүгү жакшы болду. Учурда Салтанат Юсупова айыл өкмөтүндөгү «Бирдик» үрөн чарбасында пахта терими жүрүп жатат. Бул аймакта 20 гектер жерге пахта эгилген. Ал эми район боюнча 2 миң 957 гектар жерге пахта өстүрүлдү.

«Орто эсеп менен 35-40 центнерден пахта жыйнап алабыз деген божомол бар»,- деди Бөкөев.

Бирок 2022-жылы жыйналган пахта түшүмүнөн заводдо сатылбай калгандары дагы деле сакталып турат.

«Быйыл 2022-жылга салыштырмалуу 390 гектарга аз аянтка пахта эгилген. Анкени пахтанын баасы түшүп кеткен. Буга чейин «ак алтын» 120 сомго бааланып келсе, 2022-жылы 70-80 сомго чейин жетип, токтоп калды. Ушул күнгө чейин пахта заводдордо пахталар сатылбай турат. Европада болуп жаткан окуялардын кесепеттеринин таасири болду окшойт», — деди ал.

2022-жылы Араван районунда 3347 гектар жерге пахта өстүрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE