Пример HTML-страницы

Аравандагы жармаңкеде дыйкандардын продукциясы арзан баада сатылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 2-ноябрда Ош облусунун Араван районунда «Алтын күз-2022» аталышындагы жармаңке өттү. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жармаңкеге райондун аймагындагы дыйкандар өндүргөн продукциялар коюлуп, базар баасына салыштырмалуу арзан баада сатылды.

Иш-чаранын алкагында Араван районунун айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө салым кошкон дыйкандарга, ошондой эле жармаңкеге активдүү катышкан дыйкан чарбалардан жана айыл өкмөттөр арасында мыктылар аныкталып, ардак грамота жана акчалай сыйлыктары менен сыйланды.

Жармаңке концерттик программа менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE