Пример HTML-страницы

Араш койлорду баккан Ж.Найзабеков 500 миң сомго кочкор сатып алганда жакындары акылынан адашкан деп ойлошкон

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районуна караштуу Арал айылынын 47 жаштагы тургуну Жамалбек Найзабеков асыл тукум койлорду багып, чет мамлекеттерге чейин сатууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 1994-жылы Медетбек Сейталиев атындагы орто мектепти аяктаган. Андан соң Кыргыз улуттук агрардык университетин аяктап, кийин Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында билим алган.

«Азыркы учурда фермерлер арасында асыл тукум койлорду багуу аябай күч алды. Мындан 4-5 жыл мурун бир короого барып, 1 койду жактырып, жаңы туулган эгиз козуларын 40 миң сомго сатып алгам. Ал учурда чарба койлор 15 миң сомдун тегерегинде эле. Арадан бир аз убакыт өтүп, ошол эле короодон кочкорду 500 миң сомго алып келдим. Көпчүлүк эл, өзүмдүн бир туугандарым да, мени акылынан адашкан го дешкен. Ал кочкорду жарым миллион сомго алган үчүн каймана атын «Миллион» деп койгонбуз. Ал кочкордон жакшы төл алдым. Кочкорду казак бир туугандарга, фермер Кубаныч Мыктыбаевге жакшы баага саттым. Ошондон кийин чарба койлорду азайтып, асыл тукум койго өтө баштадым. Сан эмес, сапатка өттүм.

«Малдын да малдай азабы бар» демекчи, койлорго убагында жем-чөбүн берип, эмдөөдөн өткөрүп турам. Арашан койлордун көргөзмөсү болуп турат. Башка жумуштун баарын токтотуп ошол көргөзмөлөргө барып турам. Азыркы убакта биздин койлорубузга коңшу мамлекеттерда кызыга башташты. Арашан койлору бою, көлөмү, кулагынын узундугу, жүнү менен башка койлордон айырмаланып турат.

Асыл тукум койлор киреше булагым десем жаңылышпайм. Буйруса жакында төл башталат, ошондо сатыла баштайт. Менин короомдон азырынча Казакстанга эле сатылды. Калгандары Жалал-Абадга, көбүнчөсү Таласка өзүбүздүн элден артпай жатат. Малды кароого жардамчы деле албайм. Мен үйдө болбой калсам жубайым жайгарып коет. Жубайым менин оң колум, экөөбүз эриш-аркак болуп ушул деңгээлге жеттик. Жумушум чыгып калса баарын ишенип таштап кете берем. Асыл тукум койлордун баалары малга жараша ар кандай болуп калат. Эң кымбат кочкор 30 миң долларга сатылган. Убагында жылкы багып көргөм. Азыр жалаң кой багам», — деди ал.

Фермер 1 уул, 4 кыздын атасы.

— — — — — —

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги эт жана май багытындагы «Арашан» аттуу жаңы кой породасын каттады.

Маалым болгондой, бул порода 1970-2021-жылдары Кыргызстанда чыгарылган. Фермерлер 1977-жылы Тажикстандан гиссар породасындагы кочкорду алып келип, жергиликтүү кылчык жүндүү кой менен аргындаштырышкан. Аргындаштырылгандан кийинки туулган экинчи муундагы козуларын көбөйтүшкөн.

«Арашан» породасындагы койлорду бийик тоолордо жана талааларда багууга ылайыктуу келип, козулары тез чоңоюшат. Көлөмү чоң, куйруктуу келип, 7-8 айлык козуларынын салмагы 48-61 кг, бир жаштагысы 60-78 кг, ал эми чоң койлорунун салмагы 109-177 килограммга чейин жетет. Ошондой эле сөөгү жеңил жана катуу келет. Кочкорлорунун мүйүзү болбойт.

Республика боюнча «Арашан» породасындагы койлордун жалпы саны 5800 баштан ашат. Козуларынын болжолдуу баалары 1000 доллар, ал эми койлору 5000 доллардан жогору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE