Пример HTML-страницы

«Альянс Алтын» компаниясы Таластагы мектепке музыкалык аспаптарды алып берди

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусундагы Жерүй алтын кенин иштеткен «Альянс Алтын» компаниясы тарабынан түзүлгөн «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду облуста маданият тармагын өнүктүрүүгө кезектеги колдоосун көрсөттү. Бул тууралуу аталган фонддон кабарлашты.

Маалым болгондой, бул жолу Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы балдардын музыкалык мектебине музыкалык аспаптардын түрүн жана улуттук кийимдерди алып берди. Талас облустук музыкалык мектептин жетекчилиги «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондусуна электрондук фортепиано, аккордеон, баян, комуз, микрофон, музыкалык жабдуулар, улуттук кийимдер жана башка шаймандарды алып берүү боюнча кайрылган. Кайрылуунун негизинде «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду 840 миң сом каражат жумшап, керектүү аспаптарды алып берген.

Музыкалык аспаптар менен камсыздалган мектептин жамааты жана анда окуган окуучулар колдоо көрсөткөн тараптарга ыраазычылык катары маданий иш-чара уюштуруп, концерттик программа тартуулашты. Өнөрпоздордун талантына «Альянс Алтын» компаниясынын жана фонддун кызматкерлери күбө болуп, мындан аркы кадамдарына ийгилик каалашты.

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду Талас облусунун маданият тармагын чыңдоого көп салым кошуп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE