Пример HTML-страницы

Алайдагы сел 15 кой, 8 уй жана 3 баш жылкыны агызып кетти

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Алай районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери улантылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 3-май күнү саат 16:30 чамасында Корул, Жошолу, Коңур-Дөбө жана Гүлчө айыл аймактарында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, жалпы район боюнча 287 турак үйдүн короолорун сел каптаган. Анын ичинен 41 турак үйдүн жана 1 орто мектептин жер төлөөсүнө, 3 турак үйдүн ичине, 1 ФАПтын жана 1 китепкананын короосун каптап, 15 баш кой, 8 баш уй, 3 баш жылкыны агызган. Ошондой эле 4 ички чарбалык көпүрө селден жабыркап, 6 электр мамычасы иштен чыгып, электр энергиясы үзгүлтүкө учураган.

Бүгүн жерине ӨКМдин ыкчам тобу ККББнын КБП унаасы менен 5 кызматкер, Ош облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобунан 2 офицер, РӨКОдон 66 куткаруучу жана 1 мотопомпа, Алай райондук №68 ӨКБдан 19 куткаруучу 4 офицер жана 1 мотопомпа, ӨКМЖБДдан 3 кызматкер, ӨКААКЖК 6 кызматкер, Коргоо министрлигинин №92843 аскер бөлүгүнөн 20 аскер кызматкер, райондук ЖК кызматтарынан 50 кызматкер, мекеме-ишканалардан 30 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 100 адам тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE