Пример HTML-страницы

Алайдагы Чыйырчык ашуусунда жол тайгак болуп, унаалар кырсыкка кабылып жатат (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 2-декабрда Алай районундагы Ош—Гүлчө жолундагы Чыйырчык ашуусунда жол тайгак болуп, унаалар бири-бирин сүзүп жатат.

Социалдык тармактын колдонуучусу жолго туз, кум чачылбаганын айтып, унаалар ашуудан чыга албай сүзүшүп, жол четине чыгып кеткендер да бар экенин жазды.

«Бир чети айдоочуларда да күнөө бар. Дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырбай, анын кесепетинен кырсыкка кабылып жатышат», — деген билдирүү калтырган.

Ал эми Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, №959 жол тейлөө ишканасы тарабынан кум чачуу иштери жүрүп, атайын техника менен жолду кардан тазалоо иштери аткарылууда. Чыйырчык ашуусунда 10-15 см кар жааган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE