Пример HTML-страницы

Ала-Букадагы чек арага жакын жайгашкан айылга милициянын көчмө кабылдамасы барды

Акыркы жанылыктар

TurmushАла-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн милициянын көчмө кабылдамасынын унаасы менен кызматкерлер чек арага жакын жайгашкан Биринчи май айыл аймагын кыдырышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, аларга юридикалык кеңештер берилип, сунуштары кабыл алынды. Айыл жашоочуларына жаш балдарды түнкү убакытта себепсиз көчөгө чыгарбоо зарылдыгы айтылды. Ошондой эле малдарын көзөмөлсүз калтырбоо жана мал уурулардан сак болуу керектиги эскертилди. Мындан сырткары мектеп окуучулары менен жолугушуулар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ала-Бука РИИБдин милициянын көчмө кабылдама унаасы 2022-жылдын 8 айында 61 жолу аймактарды кыдырууга чыккан. Анда 69 ар түрдүү мазмундагы кайрылуулар кабыл алынып, 4 факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE