Пример HTML-страницы

Ала-Букада 2 күзөтчүнү өлтүрүп, калгандарын барымтага алган террорчулар жок кылынды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 3 күндөн бери өтүп жаткан «Коопсуздук-2022» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу аяктады.

Иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгүнө президенттин Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, район акими Нурбек Сатаров, «Коопсуздук-2022» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуунун Ала-Бука районундагы координатору Билимбек Асанбеков катышты. Ал эми машыгуу алкагында район бийлигинин жана күч түзүмдөрүнүн кокустук жана террордук чабуул орун алганда стратегиялык объектилерди сактап калууга көрүлгөн даярдыгы каралды. Машыгууда ыкчам штабдан баштап катардагы кызматкерлердин күтүүсүз кырдаалдарга ыкчамдуулугун көрүштү.

Машыгуунун биринчи күнү иш кагаздар менен иш алып барылса, экинчи күнү кокустук, террордук окуяларга кызматкерлердин иш тутуудагы жасалган реакциялары каралды. Ала-Бука РИИБдин короосунда өрт чыгып, өрт өчүрүүчүлөр менен тез жардам кызматына кабар берилип, кызматкерлердин ыкчамдыгы текшерилди. Ала-Бука айыл өкмөтүнүн имаратына коюлган белгисиз баштык эрежеге ылайык сыртка чыгарылды.

Ал эми бүгүн атайын пландалган сценарий боюнча эпизод көрсөтүлдү. Анда Орто-Токой суу сактагычындагы күч түзүмдөрү кайтарып турган стратегиялык объектиге террорчулар куралдуу кол салып, кайтарууда турган кызматкерлердин экөөсү каза болуп, калган кызматкерлер барымтага алынды. Бул боюнча райондогу күч түзүмдөрүнө кабар жеткирилип, тиешелүү иш мерчемдер кабыл алынып, ИИМдин Жалал-Абад облусундагы атайын багыттагы полкунан, тиешелүү органдардан өкүлдөр келип, барымтага алынгандар бошотулду. Тергөө ыкчам тобу курчоого алды.

Өрт кызматы өрттү өчүрүп, тез жардам жабыркагандарды алып кетти. Бул көрүнүштү көрсөтүү менен стратегиялык объектини коргоп калуунун маанилүүлүгү жеткирилди.

Билимбек Асанбеков машыгууда айрым кемчиликтер орун алганын, ага карабастан кемчиликтерди оңдоого аракет жасалганын белгилеп, машыгууга катышкандарга ыраазычылык билдирди.

Район акими 3 күндүк машыгуу аларга чоң тажрыйба болгонун, эске алчу жагдайлар орун алганын баса белгиледи.

Жыйынтыгында активдүү катышуучулар бир катар сыйлыктарга татыктуу болушту. Ала-Бука РИИБдин башчысы Азенбек Козукеев Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин «Аскер кызматташтыгын бекемдегени үчүн» медалы менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE