Пример HTML-страницы

Акылбек Жапаров Өзгөн шаарында ишке ашырыла турган долбоорлор менен таанышты

Акыркы жанылыктар

TurmushМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзгөн районундагы ири долбоорлор менен таанышты. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, А.Жапаров Өзгөн шаарын айланып өтүүчү унаа жол, борбордук стадионду реконструкциялоо, эс алуу паркы менен борбордук стадионду бириктирүүчү көпүрө жана муниципиалдык мал базар ачуу жана башка курулушу жүрүп жаткан жана планга кирген бир катар долбоорлордун жүрүшү менен таанышты.

Аны президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев коштоп жүрдү.

Эске сала кетсек, кечээ, 21-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамына карата майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү.

Шаар тургундарын куттуктоо үчүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров келди. Президенттин атынан куттуктоону окуп берди.

Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин башчысы Ош шаарына Өзбекстандан сатылып алынган 100 жаңы автобустун ачкычын тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE