Пример HTML-страницы

Аксылык Белек өзү жазган ырларды чоң сахнада аткарууну кыялданат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну Белек Курманбеков өзү жазган ырларды чоң сахнада аткаруу максаты бар. Элеттик жаш талант менен аймактык кабарчы таанышты.

«Өзүм Аксы районунун Кашка-Суу айылынан, тагырагы Падыша-Атадан болом. Атам менен апам карапайым эле кишилер. Музыкага болгон кызыгуум 5-класстан баштап жаралды. 6-класс болгондо тоого чыгып, чөп чаап иштеп жүрүп, топтогон каражатыма ата-энемдин көмөгү менен гитара сатып алгам. Ал учурда телефон колдончу эмесмин. Мындан улам бош убактым болсо эле, гитараны ала калып чертип, ырдап жүрүп үйрөнгөм. Негизи өнөр генден өтөт деген сөзгө ишенем. Анткени апам тараптан тай акелерим ырга жакын, кээде апам да созолонтуп ырдап калат. Ал эми ата журтум тараптан атамдын инилери бир аз аккордеон, гитара чертишет», — деди ал.

Белектин өзүнө таандык болгон 3-4 ыры бар. Ал келечекте ырларын чоң сахнада ырдап чыгууну кыялданат.

«Негизи чыгармачылык көп мээнетти талап кылат. Гитарада ырдап калган жылдан ушул мезгилге чейин 3 ырдын сөзүн өзүм жазып, обонун да өзүм чыгардым. Азыр да сөзсүз бош болор замат ырдайм. Ушинтип гитарада кол ойнотуп жүрүп, Мыктыбек Аманбеков сыяктуу ырчылар менен бир студияда ыр жазыдырып, чогуу жүрүп, ырларына гитара ойноп бердим. Андан кийин кавер тартып да көрдүм. Бирок ал көп мээнетти талап кылат экен. Мындан улам кавер тартууну убактылуу токтоттум. Ушул тапта Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин архитектура жана дизайн факультетинде 3-курста окуп жатам. Келечекте ырчылыкты кесип кылбасам да хобби катары алып кетип, белгилүү ырчылар менен чогуу ырдоо максатым бар», — дейт Белек Курманбеков.

Белек учурда 20 жашта, ал үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE