Пример HTML-страницы

Аксыдагы кылмыштын бети мазардагы издер аркылуу ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кош-Дөбө айыл аймагындагы Мундуз, Токтогул айылдарында бир айда 40тай мал-жандык жоголду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына жергиликтүү тургундар билдирди.

Алардын айтымында, мал-жандыктары талаада оттоп жүргөн жеринен жоголуп кеткен учур быйылкы жылдын август айында байма-бай каттала баштаган. Тургундар мал уурдагандардын изине түшүп, милиция менен биргеликте элди убайга салгандарды табышкан. Шектүүлөр ошол эле айылдын тургундары — мектепти бүткөн жигиттер экени белгилүү болгон.

Аксы райондук соту шектүүлөрдү алгач үй камагына чыгарган. Мал-жандыгын жоготкон айыл эли райондук соттун чечимине нааразы болуп чогулуп, өз талаптарын койгондон кийин шектүүлөр 2 айга камакка алынган. Жергиликтүү тургундар шектүүлөргө катаал жаза берүүнү талап кылышкан.

Токтогул айылынын тургуну, жалгыз бой эне Тамара Нуркулова бир учурда сүт берген 3 уюнан ажыраган. Анын айтымында, уйлары 31-август күнү жоголгон.

«Мен башкаларга окшоп талаага айдап, таштап койгон эмесмин. Айына акча төлөп, бактырып жаткам. Тоо тарапта жүргөн жеринен айдап келип, күндүз айылдагы бадага кошуп, түнү жүктөп кетишиптир. Болгондо да малдардын чоң-чоңдорун тандашыптыр. Жебей-ичпей багып жаткан малды, ырыскыңды уурулар тартып алса боло береби? Анан аларды сот чыгарып койгондо күйбөгөн жериң күл болот экен. Бизге окшогон бей-бечаралардын малы уурадала береби? Уурулар биздин малды кйтарып беришсин, анан жазасын алышсын. Мен бутум эзилгенче, дарманым калбай калганча издедим. Акыры ооруп, издегенге дарманым калбай калды», — деди ал.

Мундуз айылынын жашоочусу Гүлнара Кадырова да 3 малын жоготкон. Терим иштерине байланыштуу 2 күнгө мал издөөнү токтоткон.

«Биз жайлоодон 20-августта малдарыбызды алып келгенбиз. Айылдын эле жайытына коё берип жатканбыз. Жолдошум торпокту үйгө алып келген. Сүлүктөп калган [ооруп] экен, бир сыйра дарылап, кайра коё бергенбиз. Эмнегедир энесин таппай калдык. Башта келип калар деп жүргөнбүз. Таптакыр эле дайыны чыкпай калгандыктан издеп баштадык. Анан айылдаштын жоготкон малы табылганын угуп калдык. Шектүүлөр уурдаган малдар жөнүндө сүрөттөшкөндө кудум эле биздин малдарды айтып жатышат. Ошентсе да издей бердик, таппай койдук. Элдин жай турмушу бузулуп, дүрбөлөңгө түштүк», — дейт ал.

Мундуз айылынын дагы бир тургуну Кулубек Мамасыдыков бир учурда 6 мал уурдатып, төртөөнү кайтарып алган. Дал ушул жашоочу уурулардын изине түшүүсүнөн улам айылдыктардын шаштысын алып жаткан мал уурулук фактысынын бети ачылган.

«Биз күн сайын эле малдарды короого байлайбыз. Күндөгүдөй эле мал-жандыктарды айдадык, балдарым түшкө чейин кайтарып келе беришкен. Мен түштөн кийин саат үчтөрдө чыгып, таппай калдым. Кечинде кайтып келишер дедим, келген жок. Экинчи күндөн издеп баштадым, айылдарды, жайыттарды бүт эле кыдырып жүрдүм. 10 күндөн ашык издеп, бир мазар бар, ошол жерде чарчап олтуруп калдым. Байкасам ошол мазардын четинде унаа, мал издери турат. Ошол жерден милицияга байланышып, мал жоголгон күндү айтып бердим. Милиция кызматкерлери жакынкы жерлердеги камераны каратышты, мен да кошо жүрдүм. Ошол күнү саат 22:50дө бир унаа мен көргөн издер тарапка кетип, кайра эле жарым саатта чыккан. Экинчи камерага бардык. Шектүү ошол эле биз тараптагы айылдын тургуну экен. Ал милицияга уурдаганын мойнуна алды, мага бардык малдарымды кайтарып бере турганын айтты. Эртеси Сузак тарапка барып, 4 малды таптым, бирөөсү өтө чоң болгондуктан ошол жерде эле касапканага кетиптир. Бирөөсү дайынсыз болуп калды. Мал сатып алгандар кайра-кайра мал алып барып калгандыктан этияттык үчүн сүрөт, видеого тартып коюшкан экен. Ошол да факты болуп берди. Алтынчы жолу алып барып сатышкан экен. Уурулар башка жактан эмес, өзүбүздөн чыкты», — дейт ал.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, сөз болуп жаткан мазардан малдарга басылган биркалар табылган. Айыл эли ууру алыстан келбегенин айтып, өздөрүнүн айылдаштарынын шаштысын алган 3 тургунга катуу чара көрүүнү жана мал-жандыктардын кайтарылуусун талап кылышууда.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 2023-жылдын 20-сентябрында Аксы РИИБге Кош-Дөбө айыл аймагынын 10 тургуну арыз менен кайрылган. Алар август айынан тартып 14-сентябрга чейинки аралыкта 22 баш бодо малы жайыттан уурдалганын билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранышкан.

Бул окуялар Аксы РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында мал уурулук фактысына шектүү катары Аксы районунун Кош-Дөбө айыл аймагынын 2005-жылы туулган тургундары Т.О., А.Ж., жана А.Б. кармалып, 2023-жылдын 23-сентябрь күнү Аксы РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Алардын баш коргоо чарасы 25-сентябрда Аксы райондук сотунда каралып, 2 айга камакка алуу түрү тандалып алынган.

«Кылмыш ишине шектелген жарандар Аксыдан уурдалган малдарды Сузак районундагы мал базарга алып барып, сатып жүрүшкөндүгү аныкталган. Жалпы уурдалган 22 баш малдын бешөө табылып, өз ээлерине кайтарылып берилген. Бул кылмыш иши Аксы РИИБдин тергөө кызматы тарабынан толук кандуу, объективдүү тергелип, 2023-жылдын 30-сентябрь күнү соттун кароосуна өткөрүлүп берилген», — деп айтылат маалыматта.

Аксы районунда 2023-жылдын 9 айында 17 мал уурулук фактысы катталып, 13 кылмыштын бети ачылган. Жалпы 66 баш мал уурдалып, 36 баш кайтарылган. 19 баш жылкы уурдалып, 6 башы кайтарылган. 21 кой уурдалып, баары кайтарылган. 26 баш бодо мал уурдалып, 9 башы кайтарылган. Жалпы мал уурулук фактыларына байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин алкагында 6 адам кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE