Пример HTML-страницы

Аксыдагы дыйкандар дарбыз эгүүгө даярдык көрүп жатышат

Акыркы жанылыктар

TurmushАксы районунун Үч-Коргон айыл аймагында дарбыз өстүрүүгө даярдыктар көрүлө баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аксынын Кум айылынын тургуну дыйкан Калибек Рыскуловдун айтымында, учурда дарбыздын көчөттөрүн өстүрүү иштери кызуу жүрүп жатат.

«Азыркы күндө 3500 даана дарбыз көчөтүн түбөгүнө отургузуп, күнөсканага жайгаштыруу иштерин жүргүзүп жатам. 3500 даана көчөт 50 сотых жерге жетет. Жылда 2 гектарга жакын жерге отургузууну пландайт элек. Быйыл Өзбекстан менен чек ара ачык болуп, кошуналардын дарбызы басымдуулук кылып, арзан болот деген божомолдолор бар. Андыктан азыраак жерге эгүүнү пландап жатабыз.

Дарбыз өстүрүүнүн түйшүгү оор. Алгач ар бир көчөттү өзүнчө түбөккө отургузуп, күнөсканада 1 айга жакын убакыт карайсың. Жерди айдатып, даярдап алгандан кийин май айына чейин даярдалган жерге бирден отургузуп чыгасын. Аны ар кандай аба ырайынан коргоо үчүн пленка жабылат. Жер семирткичи берилип, убагында суусу берилиши керек. Баш-аягы 2 айдан ашык убакыттын ичинде бышат», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE