Пример HTML-страницы

Аксыда жайыт жерлерди калыбына келтирүүдө «электропастух» колдонулуп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushАксы районуна караштуу Кашка-Суу айыл аймагында кунарсыз абалдагы жайыттарды жакшыртуу үчүн 6 гектар жерге жайыт үрөнү себилди. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Шекербек Камчыбек уулу билдирди.

Анын айтымында, аталган айыл аймакта 8 миң гектардан ашык жакынкы, 6 миң гектардан ашык алыскы жайыт бар. Үрөн себүү үчүн «электропастух» колдонулду.

«Өлкө боюнча жайыттар деградацияга айланып бара жатат. Мал оозуна караганда туягы менен көп жайыттарды талкалоодо. Эл менен да жайыттарды сактап калуу боюнча сүйлөшүп, 10 мал короого толгондон көрө, 5 породалуу мал кармоо жемиштүү экени, асыл тукумдуу малдарга өтүү боюнча ар кандай саамалыкта айтылып жатат. Ошол эле учурда айыл өкмөт долбоор жазып, быйыл 3 гектардан 6 гектар чейинки жерге «электропастух» тартылды. Кийинки жылы дагы кошумча төртөө берилет. Муну 2-3 жыл коюп, кайра жерин алмаштырып тарта беребиз. Бир барган мал ал жерге экинчи барбайт. Мал-жандыкка зыяны тийбейт. Бул дүйнөдө мал чарбачылыкта, жайыт сактоодо эң көп колдонулуп келет», — деди айыл өкмөт башчысы.

Кашка-Суу айыл аймагы туристтик зона катары белгилүү. Бул аймакта Падыша-Ата коругу жайгашкан.

  • Электропастух — сырты эч нерсе менен капталбаган электр чубалгылар менен тосмо. Чубалгыда анча чоң эмес басым болот. Аны менен жайытты тосуп, мал-жандыкты белгилүү гана бир аймакта оттоого үйрөтүүгө мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE