Пример HTML-страницы

Аксыда Азимбек Бекназаровдун тарапташтары чогулган. Аким комментарий берди

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Аксы районунун тургундары 9-март күнү Кара-Суу айыл өкмөтүнүн алдына чогулду.

Чогулгандар саясатчы Азимбек Бекназаровду камактан бошотууну талап кылышты. Алар саясатчыны орозо айы ичи бошотууну талап кылды.

Ал эми Аксы районунун акими Замирбек Мамасыдыковдун айтымында, жергиликтүү тургандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад милициясы тургундар 9-март күнү топтолуп, тынч тарап кетишкенин билдирди.

Азыркы учурда Аксы районунун аймагында кырдаал туруктуу жана милициянын көзөмөлүндө.

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров учурда Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагында камакта. Ал — Кемпир-Абад окуясы боюнча кармалгандардын бири.

Кара-Суу айыл аймагы — А.Бекназаровдун кичи мекени.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE