Пример HTML-страницы

Ак-талаалык мугалим Т.Нурдөөлөтова окуучуларга кол салган таененин жоругун унутпайт

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кайыңды-Булак айылынын тургуну Тураркан Нурдөөлөтова 14 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келет. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Нурдөөлөтова Тураркан Жапаровна 1983-жылы 21-март — Нооруз күнү Ак-Кыя айылында туулган. 1989-1999-жылдары Асаналы Абдраимов атындагы орто мектебинде, 2004-2009-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда, 2011-2014-жылдары С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде билим алган.

2009-2010-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда лаборант болуп иштеген. 2010-жылдан бери Кайыңды-Булак айылындагы Бакый Мүсүралиева атындагы орто мектебинде башталгыч класстардын мугалими болуп эмгектенип келет.

2003-жылы Белек Келдибековго баш кошкон. Ал райондук өрткө каршы кызмат бөлүмүнүн бөлүмчөсүндө бөлүм башчы болуп эмгектенип жүрүп, 2022-жылы мезгилсиз дүйнөдөн өткөн. Мугалим 2 уул, 1 кыздын энеси. Улуу баласы Юридикалык колледжди бүтүп, учурда аскердик милдетин аткарып жүрөт. Кичүү уулу менен кызы мектепте окуйт.

Каарманыбыз Искусство институтунда эмне себептен окуп калгандыгын айтты.

«Биз орто мектепти аяктап жаткан мезгилде менеджерлик кесип белгилүү болуп жаткан. Курорт, санаторий, социалдык объектилерде иштөөгө кызыккандыктан, аталган институттун социалдык-маданий ишмердүүлүктүн менеджери кесибине ээ болуп чыккам. Бир жылдай институтта лаборант болуп иштеп, турмуш шартка байланыштуу айылга көчүп кеткенбиз. Айыл жергесинде андай кесип менен жумуш жок болгондуктан, кайрадан мугалимдик кесип боюнча окууга туура келди. Азыр Кудайга шүгүр. Мугалимдик кесибимди сүйөм. Кесибимдин арты менен бир катар жетишкендиктерге жетише алдым», — деди Тураркан айым.

Ал ысымы тууралуу айтып берди.

«Ысымымды таенем койгон экен. Ата-энем мага чейин 2 уул, 1 кыздуу болушуптур. Тилекке каршы, үчөө тең чарчап калыптыр. Анткени, атам көздүү киши болуптур. Өзүнүн балдарына эле көзү тийип калчу экен. Ошол себептен мындан аркы балдары турсун деп, Тураркан деп койгон экен. Апам 9 бала төрөгөн. Учурда бешөөбүз барбыз», — деди ал.

Кесибиндеги кубанган жана кыйналган учурларын айтып берди.

«Кубанган учурларым көп эле болот. 2015-жылкы окуу жылында райондук деңгээлде «Жыл мугалими» сынагына катышып, 2-орунду ээлегем. Бир учурда мектепте китепканачы кызматын аркалап, райондук деңгээлде китепканачылар арасында биринчи жолу семинар уюштуруп, семинарым мыкты деген баага татып, облустук усулдук билим берүү борборунун ардак грамотасы менен сыйлангам. 2021-жылы «Жыл мугалими» сынагына катышып, 3-орунду камсыздасам, «Мугалим коомдун күзгүсү» аталыштагы облустук сынакка катышып, ардак грамота менен сыйланып келдим.

Баягы карантин учурунда билим берүү тармагы онлайн билим берүүгө даяр эмес болчу. Ошол кезде өз алдымча санарип мугалимге катышып, кошумча окууларды окуп, ошонун негизинде балдарга онлайн билим берүүдө ийгилик жараткандыгым үчүн Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасына ээ болдум. Ушундай иштердин арты менен быйыл Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасын алдым. Мунун баары менин кубанычым.

Ал эми кыйналган учурларым деле болду. Адам кыйналмайын ийгиликке жете албайт да. Онлайн сабак өтүүдө түнкү саат 01:00-02:00 чамасында видео сабактарды жасачумун. Анткени, күндүз жасайын десең, тынчтык жок. Адамдардын үнү, сыртта иттердин үргөндөрү жана башкалар кошо жазылып калат дегендей», — деди Т.Нурдөөлөтова.

Тураркан айым жолдошунан айрылганда окуучуларынын көңүлүн көтөргөнүн унута албайт.

«Биздин кесип изденүүнү талап кылат. Бир жогорку окуу жайды бүтүп алып эле өмүр бою ошол боюнча сабак бере бербейсиң. Ар 5 жыл сайын квалификациябызды жогорулатып турабыз. Мындан тышкары, азыр технологиянын өнүккөн заманында замандан артта калбаш үчүн балдардын суроо-талабына жооп бергидей болуп, ар дайым онлайн окууларды окуп турабыз. Башталгыч класстардын мугалими болуп калганыма абдан кубанам.

Өткөн жылы жолдошум уктап жаткан бойдон каза болуп калды. Ошол жылы мен катуу стресске кабылдым. Жолдошумду жерге берип, антип-минтип убакыт өткөндөн кийин мектепке бардым. Окуучуларым 2-класс эле. Класска кирсем эле окуучуларым акырын буттарынын башы менен басышып, мага жан тартышып жүргөнүн байкадым. «Силерге эмне болгон?» десем, окуучу кыздар балдарга «Тураркан эженин көңүлүн көтөрөлү, бейбаш кылбагыла» дешиптир. Ошого эркек балдар көнүп, конфет, айрымдар гүл көтөрүп келип жүрүштү. Ошондо канчалык кыйналып турсам дагы окуучулардын аёо, жылуу мамилелери мени ушунчалык чыйралтып, дем-күч берген», — деди Тураркан айым.

Тураркан айым окуучуларынын боорду эзген окуяларынан айтып берди.

«Ал кезде карантин жаңы эле бүтүп жаткан кез болчу. Бир жолу мектепке облустук усулдук билим берүү борборунан окуучулар бет капчан келеби, антисептиктер менен камсыздалганбы дегендей текшерүүчүлөр келиптир. Жаңы эле балдардын антисептиктерин, бет каптарын карап бүтөрүбүз менен кирип келишти. Анан алар: «Жакшы балдар экенсиңер, ким санаганды билет» десе, бир бала: «Мен» деп эле кыйкырып калды. Өзү дагы бейбаш бала болчу. Баарыбыз карай калсак эле бет кабында бут кийимдин изи турат. Акырын барып, бет кабын алдым. Текшерүүчүлөр кеткенден кийин «муну эмне булгадың? Жаңы эле таза эмес беле» дедим. Окуучулардын бет кабы окшош болгондуктан жоголуп кетпесин деп, антисептиктен сээп, буту менен басып, белги коюп алыптыр.

Классымда ысымдары окшош 2 окуучу кыз бар эле. Бири толук, бири арык кыз эле. 1-класс балдар. Анан бирин «семиз», бирин «арык» деп атап алышыптыр. Кыздардын бири таенесине «мени семиз деп айтып жатышат» деп арызданып барыптыр. Сабак өтүп жатсам, ал эже кирип келип: «Ким менин кызымды семиз деген» деп, окуучуларга кол сала баштады. Байкуш балдар менин артыма жөжөлөрдөй болуп жашынып туруп алышты. Менин муунум титиреп чыкты. Бир убакта «балдарга колуңузду тийгизбеңиз, мектепте балдарга керт башым менен мен жооп берем, сиз экөөбүз тең жоопко тартылып калабыз» деп жатып араң кетиргем. Ушундай ыңгайсыз учурларга дагы туш болобуз», — деди Тураркан Жапаровна.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE