Пример HTML-страницы

Ак-талаалык директор айым ачууланган жетекчини ордуна койгон

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылынын 72 жаштагы тургуну Майрам Исмаилова өмүрүнүн 31 жылын агартуу тармагына арнаган. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Майрам Исмаилова 1950-жылы 1-май күнү Кош-Дөбө айылында туулган. Аталган айылдагы орто мектепти окуп бүткөн соң ошол кездеги Кыз-келиндер институтунун (азыркы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети) физика жана математика бөлүмүндө билим алган. 4 уул, 3 кыздын энеси, баатыр эне.

Ушундай дагы өлкөлөр болобу?…

— Союз учурунда окуу жайга өтүү, окуу кыйла эле кыйын болчу. Ал кезде багыт берүүнүн негизинде барып окучу элек. Окууга өтпөй калуу уят эле. Бир айылда ашып кетсе 10 чакты эле студент окучубуз. Ошентип окуу жайды 1972-жылы аяктап келген соң мен Ленин колхозундагы (азыркы Чолок-Кайың айылы) эжемдикине барып, ошол жактагы орто мектепке «иштейм» деп качтым. Бирок жетекчилер болбой, мени Үгүт айылындагы орто мектепке иштетип коюшту. 1973-жылы тажрыйба алмашуу максатында Европа өлкөлөрүнө район боюнча 6 мугалимди жөнөтүштү. Ал жакта Румыния, Болгария сыяктуу өлкөлөрдүн мектептерин, бала бакчаларын кыдырып, билим берүү тармагы менен таанышып чыктык. Дүйнөлүк экинчи согуштун кесепетинен уламбы, айтор ал өлкөлөрдүн элинин жашоосун көрүп алып, абдан жүрөгүм ооруду. «Ушундай дагы өлкөлөр болобу?» дедим. Эли абдан кыйналган, жокчулук, ачарчылык күч алып турган учуру экен. Жада калса, тиш жууган пастага дагы жетпей калышыптыр. Балдардын кыйналганын, кийген кийимдерин көрүп, ушундай жүрөгүбүз ооруду. Ал кезде биздин өлкө дүркүрөп өсүп-өнүгүп турган мезгили. Азыр ошол өлкөлөрдү карагылачы, кандай өнүккөн.

Жаштык жана курчтук

— Иштеген жакшы экен. Ага-тууганым, жолдошум колдоп-коштоп турушту. Кайната-кайненем «силер иштегиле» деп балдарыбызды багып, каралашты. Ошентип, 1983-жылы Ак-Тал айылынын Ак-Тал орто мектебине директор кылып дайындашты. Ар бир иштин өзүнүн түйшүгү болот эмеспи. Мектепте иштин жакшы, билим сапаты мыкты болуусу үчүн окуу бөлүмүнүн башчысы, тарбия иштери боюнча директордун орун басары жана чарба башчысы күчтүү болуш керек. Мен иштеп турган мезгилде мектеп имараты тар болгондуктан бийлик өкүлдөрү менен ары-бери тартышып, жулкулдашып жүрүп, 140 орундуу кошумча корпус курдуртууга жетише алдык. Жаш кезде курч болот экенсиң да. Анан 1998-жылы директорлук кызматтан кетип, окуу бөлүм башчысы болуп 2003-жылга чейин иштеп, 2003-жылы пенсияга чыктым. Пенсияга кандай чыгарым менен ардактуу эс алууга кетип калдым. Жолдошум дагы мугалим болчу. Ал 61 жашында дүйнөдөн өтүп кетти.

Гүлзарга айланган мектеп

— Мугалимдик кесибимден тышкары гүл өстүрүүгө абдан кызыгып, үйдөн сонун гүлдөрдү өстүрөр элем. Ак-Тал мектебине директор болуп барганымда мектептин айланасы таштак жер, тосмолору кыйшайган абалда экен. Кыйшайган тосмолорду оңдотуп-түздөтүп, айланасына гүл өстүрүүнү демилгелеп чыктым. Аркы-берки жактан колго тийген гүйлөрдүн уруктарын алып келип, кара топурак төктүрүп, гүл отургуздук. Мектептин ичине жыгач материалдардан челектерди жасап, ичине дагы гүл өстүрө баштадык. Муну көргөндөр «гүл каяктан өсмөк эле» эле деп сындагандар дагы болду. 1-2 жыл жакшы өскөн жок. Үчүнчү жылы мектебибиз гүлзарга эле айланып калды. Өзгөчө түрк астрасы аттуу гүлдөр укмуш өсүп чыкты.

Август конференциясы өтөр күнү мугалимдер астраларды чакаларга толтура үзүп барып, Ломоносов мектебинин, маданият үйүнүн алдына барып сатып жүрдүк. Ал кезде эч ким гүл деле сатчу эмес. Гүл сатуудан түшкөн каражатка мектепке керектүүлөрүбүздү алабыз. Гүлдөн улам мектепке көмөкчү чарба уюштуруу оюбузга келип, жер-жемиштерди өстүрдүк. Бир күнү тоок бакмай болдук. Математика мугалими Иманбек экөөбүз отуруп алып, «30 тоок баксак, күнүгө 30 жумуртка тууйт, жумурткасын сатсак, мынча сом болот экен» деп эсептеп чыгып, анан ата-энелерге кайрылып, алардан 30 тоок алдык. Көрсө, 30 тоогуң 30 жумуртка туубайт экен да (күлүп), ал болбой калды. Чарба жетекчилери менен сүйлөшүп, 50 баш кой, 1 баш ат, 1 баш уй алдык. Жер бөлүштүрүүдө мектепке деп 10 гектар жер алып, ал жерге тоют өсүмдүктөрүн айдап, 2 миң таңгактай чөп алып, аны сатып, мектепке жумшап жүрдүк. Азыркыга чейин гүл, жер-жемиштерди уул-кыздарым менен бирге өстүрөм. Бирок карылык жогорулаган сайын гүлдөрүм дагы, жер-жемиштерим дагы азайып бара жатат.

Орустун кара чокою…

— 1984-1985-жылдары өтө катуу суук болду. Катуу сууктан улам элдин баары эле баягы орустун кийизден жасалган кара чокоюн кийип калдык. Бир күнү эле мени райондун 1-катчысы чакырып жатат дешти. Ал кезде тартип ушундай катуу эле. Жыйындарга 1 мүнөт, 1 секунд дагы кечикпей барар элек. Ошентип бутумда чокой, халатымдын үстүнө шубамды кие калып, «чогулушуна катышып коюп эле келем да» деп жөнөп кеттим. Барсам эле кадрларды тейлөө бөлүмүнүн башчысы Мамашерип Жаңылышович мени бир сыйра карап туруп, «эй, сен ал дагы чокой менен келдиңби?» деди. Мен «суук бул болуп жатса эмне кылабыз, мектепте деле кийип жүрөбүз» десем, «бул кишиге кирерде маданияттуурак болуш керек да» деп кабагын чытып, «силерди кызматтан алыш керек» дегенсип тилдеп кирди. «Апей, акимиатка чокойчон келди деп эле кызматтан ала бересиздерби?» десем унчукпай калды. Мен бир убакта ичимден «апей, чокоюм го чокой, халатымды көрсө чалкасынан кетет го» деп ойлонуп, бир курбумдукуна чуркап барып, анын костюм-юбкасын кийип «мейли эми, чокой болсо болсун» деп кайра келдим. Мен келгиче ал киши туталанып, аябай ачуусу келип калыптыр. «Каякка жоголуп кеттиң?» деп ачууланды. Себебин айттым. Бирок түшүнүктүү киши эле. Мен келгиче 1-катчыга кирип, түшүндүрүп чыккан экен. Райондун 1-катчысы мени кабыл алды. Көрсө, мени Куртка (азыркы Жаңы-Талап) айылына партиялык комитетке катчы кылыш үчүн баарлашууга чакырган экен. Шартыма байланыштуу ал кызматка бара албастыгымды айтып, чыгып кеттим. Ошондон кийин мени «кара чокой» деп тамашалап калышчу.

Майрам Исмаилова «Эл агартуунун мыктысы» сыйлыгынан тарта бир жогорку мамлекеттик сыйлыктарга жетишип, союз учурунда бир катар уюмдарга төрайым болуп, Үгүт айылдык кеңешине 1 жолу, Куртка айылдык кеңешине 1 жолу жана Ак-Тал айылдык кеңешине 2 жолу депутат болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE