Пример HTML-страницы

Ак-Талаада жылдын мыкты мугалими жана тарбиячысы аныкталды. Алар кимдер? (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунда «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» номинациясынын ээлери аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 26-май күнү билим берүү тармагынын жыл жыйынтыгы чыгарылып, салтанаттуу кече белгиленди. Ага жергиликтүү бийликтин жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты. Салтанаттын жүрүшүндө «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.

«Жылдын мыкты мугалими» номинациясы боюнча олжолуу орунга ээ болгондор:

— Баш байгени Кызыл-Белес айылынын Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектебинин мугалими Фарида Дүйшеева багынтып, Ташкентке эс алууга жолдомо алды;

— 1-орунду Баетов айылынын Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин мугалими Бурул Атабекова ээлеп, 10 миң сом сыйлык жана аталган мектеп директоруна Ысык-Көлгө эс алуу жолдомосу тапшырылды;

— 2-орунду Терек айылынын Калый Молдобасанов атындагы орто мектебинин мугалими Роза Жумалиева камсыздап, кызыктыруучу белектер менен сыйланды;

— 3-орунду Кайыңды-Булак айылынын Бакый Мүсүралиева атындагы орто мектебинин мугалими Асел Турарбек кызы жана Коңорчок айылынын Насипа Жыргалбекова атындагы орто мектебинин мугалими Алтынбек Дербишалиев камсыздап, 2 миң сом берилди.

«Жылдын мыкты тарбиячысы» номинациясы боюнча олжолуу орунга ээ болгондор:

— Баш байгени Чолок-Кайың айылынын Кайбылда Касмалиев бала бакчасынын тарбиячысы Перизат Бактыбек кызы багынтып, Ташкентке жолдомо алды;

— 1-орунду Үгүт айылындагы «Айдос» бала бакчасынын тарбиячысы Гүлзуура Калдыбай кызы ээлеп, 10 миң сом сыйлык алса, директоруна Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо тапшырылды;

— 2-орунду Кызыл-Белес айылынын «Кадыралы» бала бакчасынын тарбиячысы Айгерим Бакай кызы камсыздап, кызыктыруучу белек берилди;

— 3-орунду Баетов айылынын «Тынчтык» бала бакчасынын тарбиячысы Айгүл Чолпонкулова жана Баетов айылынын «Алтын муун — Наристе» бала бакчасынын тарбиячысы Гүлнара Дөөлөтова ээлеп, 2 миң сомдон сыйлыкка ээ болушту.

Мындан тышкары, бир катар мугалимдер жана тарбиячылар башка номинациялар боюнча сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE