Пример HTML-страницы

Ак-Талаада Нарын дарыясына агып кеткен 19 жаштагы бала изделип жатат (толукталды)

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын дарыясына агып кеткен 19 жаштагы бала изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, куткаруучуларга бүгүн, 22-июлда Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Үгүт айылынын аймагындагы Мыкачы тилкесинде 2003-жылы туулган Ф.А. аттуу бала Нарын дарыясына түшүп кеткендиги тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Ак-Талаа райондук №47 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмүнүн башчысы Максат Чоробековдун айтымында, 22-июлда саат 13:00дө куткаруучуларга Баетов айылынын тургуну Мыкаачы чөлкөмүндө Нарын дарыясына түшүп кеткендиги тууралуу билдирүү келип түшкөн. Жерине райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 2 офицери, 4 куткаруучу чыгып кеткен. Азыркы учурда Нарын дарыясы менен Мыкаачы-Суусу кошулган жерден күн батышты көздөй сууну жээктеп издөө иштери жүрүп жатат.

Ал эми Үгүт айыл өкмөт башчысы Өмүрбек Чыныбаев сууга түшүп кеткен тургун Үгүт айылынын жашоочусу эмес экендигин айтты.

«Эртең менен түшүп кетиптир. Азыр бизден дагы ат менен таякелери жана айыл өкмөттүн өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси жардамга чыгып кетишти. Үгүттө таякелери бар экен», — деди Ө.Чыныбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE