Пример HTML-страницы

Ак-Талаада мышык ыйлар мекеменин короосунда 4,5 млн сомго вакциналык кампа курулууда

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна 4,5 млн сомго вакциналык кампа курулууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Авариялык абалга туш болуп, дээрлик жараксыз абалда турган райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылоосу менен «COVID-19га өзгөчө чара көрүү» долбоорунун алкагында 4,5 млн сомго вакциналык кампа курулууда. Кампанын курулуш иштерин «Ремстрой Групп» жоопкерчилиги чектелген коому аткарууда.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Ремстрой Групп» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору катары Муктарбеков Санат Муктарбекович көрсөтүлгөн. 2021-жылдын 29-мартында кайра каттоодон өткөн. Ишмердүүлүгү турак жай жана турак эмес имараттарды куруу болуп саналат.

Ал эми райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун имараты 1967-жылы курулган. Имараттын эскилиги жеткендиктен улам бүгүнкү күндө кулап калуу коркунучунда турат.

Борбордун кызматкерлеринин айтымында, имараттын пайдубалы жерге чөгүп кеткендиктен көрүнбөй, дубалдарынан жарака кеткен. Ал тургай дубалдары тешилип кагаз картондор менен жамалган. Полдору чирип, тешилип, сүлкүлдөп калган. Үстүңкү чатыры талкаланып калгандыктан жаан-чачын учурунда имарат ичине шорголоп тамчы агат. Каалга, терезелери кажып, жазылбай калган. Лаборатория бөлүмүнүн имаратында суу түтүктөр, канализациясы жок. Фин үлгүсүндө курулган. Жылытуу тутуму жок болгондуктан илгерки мештер менен жылытылат. Бул боюнча 2012-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмү тарабынан түзүлгөн комиссия тарабынан имарат пайдаланууга жараксыз деп табылган. Өткөн жылы лаборатория бөлүмү өрттөнүп кетип, ал жердеги лаборанттар башка бөлүмүнө которулуп, учурда тар имаратта иш алып барышууда.

Аталган борбордун жетекчиси Эрлан Бекишов жаңы имарат куруу үчүн бардык документ иштери бүткөрүлгөндүгүн айтты.

«Жаңы имарат куруу боюнча жери чечилген. Долбоорлоо сметалык документтери бүткөрүлүп, жалпы курулуштун наркы 29 млн 800 миң сомду түзөт. Каражаттын жоктугунан улам курулуш иштери башталбай турат», — деди Э.Бекишов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE