Пример HTML-страницы

Ак-Талаада чернобылчыларга акчалай жардам берилип, ак калпак кийгизилди

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунда Чернобыль апаатынын кесепеттерин жоюуга катышкандарга акчалай жардамдар берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 27-апрелде Чернобыль апаатынын 37 жылдыгына карата район акими Жумадилла Жапаров чернобылчалар менен жолугушту.

Жолугушууда аларга калпак кийгизилип, белектер берилип, Баетов айылынан 3 адамга, Кара-Бүргөн айылынан 2 адамга, Ак-Тал айылынан 1 адамга жалпы 2 миң сомдон тапшырылды.

Чернобыль апаатынын кесепеттерин жоюуга Ак-Талаа районунан жалпы 8 адам катышып, алардын арасынан 2 адам каза болгон.

1986-жылы 26-апрелде Украинадагы Припять шаарына жакын жайгашкан АЭСтин 4-энергия блогунда техникалык авария болгон. Масштабы боюнча ядролук энергетика жаатында эң ири авария болуп саналат. Андан айлана-чөйрөгө радиоактивдүү заттар (уран, плутоний, Йод-131, Цезий-134, стронций-90 жана башка изотоптор) тараган. Радиоактивдүү заттардын бөлүнүшү 1986-жылдын май айында миңдеген ликвидаторлордун (чернобылчылардын) зор эмгеги менен гана токтотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE