Пример HTML-страницы

Ак-Түз—Фрунзе каттамында каттаган сары автобус

Акыркы жанылыктар

Turmush1960-жылдары Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Ак-Түз айылынан Фрунзе шаарына «ЗИС-154» автобусу каттаган.

Ак-түздүк Зульфия Бейшееванын айтымында, бул автобус күнүгө 4 жолу каттап, жол акы 2 рубль 10 тыйын болгон.

«Бул сүрөт 1960-1970-жылдары тартылган болушу керек. Эски автобус. «ЛАЗ» автобусунан дагы мурун чыгарылган болуш керек. Биздин Ак-Түз айылыбыздан Фрунзе шаарына 4 жолу каттаганын билем. Ал кезде, 1972-жылы мектепти аяктап, шаарга тез-тез каттачумун. Биздин айылдан Фрунзе шаарына чейин 2 рубль 10 тыйын болчу. Кемин районунун борборуна чейин 70 тыйын болсо керек эле. Ал эми Кемин районунун өзүндө саат сайын каттачу. Мындай автобустар СССР тараган соӊ, жарым жылдан кийин жок болуп кетти», — деди ал.

  • «ЗИС-154» автобусу 1946-жылы, Улуу Ата Мекендик согуштан кийин пайда болгон. 100 чакырымга 65 литрге чейин күйүүчү май сарптаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE